Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:43 7.6.2020

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна жапырт текшерүүдөн өтүп жатышат. Учурда үч кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады. Анын айтымында, жумушка чыга турган 2500 адис текшерүүдөн өтөт. Анализдери таза чыккандар гана иштөөгө уруксат алат.

Буга чейин Бишкекте бала бакчалардын ишин жандандыруу үчүн кызматкерлери COVID-19 вирусуна жапырт текшерилери кабарланган. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

10:24 7.6.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 33 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 7-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Инфекция жуккандардын саны: Бишкек шаары – 9, Чүй облусу – 3, Нарын облусу – 8, Ош шаары – 9, Ош облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 1 киши.

Жалпысынан 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2007 адамдан табылды, алардын ичинен 1425 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. Бир сутка ичинде 65 бейтап айыгып чыкты.

COVID-19 илдети аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны - 8415 киши. Обсервацияда 1461 адам жатат.

00:57 7.6.2020

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Берик Уали “Фейсбуктагы" баракчасына жазып, абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

43 жаштагы Уалинин айтымында, президенттин резиденциясы Ак ордодо санитардык абал күчөтүлдү. “Президенттин саламаттыгына коркунуч жок, ал графикке ылайык ишин улантууда» деп жазды маалымат катчы.

Буга чейин Орусиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков да COVID-19га кабылган. Инфекцияны Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана бир нече министр жуктуруп алган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жана анын үй-бүлөсүнөн дагы өткөн жумада коронавирус аныкталган.

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12 500дөн ашты. Бул илдеттен 53 киши көз жумду.

22:21 6.6.2020

Коронавирус тууралуу дүйнөдөгү соңку кабарлар

  • Ирандын президенти Хасан Роухани үйлөнүү тойлордун айынан өлкөдө басаңдап калган коронавирус кайра күчөгөнүн билдирди. Ал вирустун экинчи толкуну болот деген коркунучка карабай, экономиканы кармап туруу керектигин белгиледи. Иран апрель айынын ортосунда карантин чараларын жумшарткан. Февралда бул өлкөдө оору күчөгөн. 4-июнда оору жуккандар 3574 адам деп катталып, февралдагы көрсөткүчтөн көп болду.
  • Индияда COVID-19 жуккандардын саны өстү. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 887 жаңы учур катталганын маалымдады. Ооругандардын жалпы саны 236 657. Илдет жуктургандардын көбү чоң шаарларда иштеп, карантин маалында аймактарга кайткан ички мигранттар.
  • Түштүк Корея COVID-19 жуккан 51 жаңы учур тууралуу кабарлады. Илдет негизинен эл жыш жашаган райондордон чыгууда. Ооругандардын 34ү медициналык каражаттарды саткан Richway компаниясынын сатуучулары жана курьерлери. Саламаттык сактоо министринин орун басары компаниянын жумушчулары үчүн кабатыр болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Richway компаниясынын сатуучуларынын көбүн 60 жаштын тегерегиндегилер түзөт.
  • Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги жарандарын Австралияга барбай турууга чакырды. Мекеме мындай кадамын бул өлкөдө коронавирустун тарашына кытайларды күнөөлөгөндөр көп экендиги менен түшүндүрдү. Бирок Австралиянын премьер-министри Майкл Маккормак бул эскертүү жалган маалыматка негизделгенин айтты жана анын өлкөсүндө чыдамкайлык, башкаларга карата сый-урмат күчтүү экенин белгиледи.
  • Калифорнияда кино тартуу иши 12-июнда жанданат. Disney, Netflix, Warner Bros, NBCUniversal кинокомпаниялары профсоюз менен биргеликте иштеп чыккан эрежеге ылайык, актерлор ишке кайтып келгенге чейин тесттен өткөрүү, оорунун башка белгилерин ыкчам аныктоо жана бир катар коопсуздук эрежелерин сактоо иштери жөнгө салынышы шарт.
  • Бразилиянын президенти Жаир Болсонару ДССУдан чыгарын айтты. Болсонару Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун Covid-19га каршы гидроксихлорохинди сыноону токтоткону үчүн айыптады. «АКШ ДССУдан чыкты, биз дагы ушул мүмкүнчүлүктү карап атабыз. ДССУ идеологиялык мамилеси жок иштеши керек, болбосо биз кетебиз», – деди Болсонару. Бразилия дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны жагынан АКШ жана Британиядан кийинки орунда турат. Өлкөдө баш-аягы 35 миңдей адам жугуштуу илдеттен көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG