Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:25 6.6.2020

ДССУ беткап боюнча эрежесин өзгөрттү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирди.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын- алган ыкмалардын бири деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскертти.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медицина кызматкерлерине, COVID-19га чалдыккандарга жана аларга кам көргөндөргө гана беткап тагынууну сунуштаган. Ошентсе да бир топ өлкөлөр жарандарын эл көп топтолгон жайларда жана коомдук транспорттордо беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирген. ДССУ кеминде үч катмардан турган беткаптар натыйжалуу болорун кошумчалады.

Декабрь айынан бери дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 6 миллион 700 миңден ашты. Өпкөнү сезгенткен бул илдет дүйнөдө 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.

14:01 6.6.2020

Ички авиа каттамдагы жүргүнчүлөр аэропорттон тыкыр текшерилет

6-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» аэропортунун ички аба каттамдарды жандандырууга даярдыгын көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аэропорт кызматкерлери жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти. Ага ылайык, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун имаратына билети бар жүргүнчүлөр, майыптарды коштогондор гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алгандар үчүн өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттерге кирүүдө бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн өтөт жана адамдардын дене табын тепловизордук камералар текшерет. Сөзсүз түрдө беткап тагынып, аралыкты сактоо зарыл. Учуп келгенде дагы ушундай эрежелер болот.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жүргүнчүлөрдү текшерүүдө бардык талаптар аткарылышы керек экенин белгилеп, билет баасы боюнча дагы маселе көтөрдү.

“Билет баасынын жогору экени тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек”, - деди Боронов.

4-июнда Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта ички каттамдар кайрадан жандандырыларын билдирген. Ал «Тез Жет» авиакомпаниясы 7-8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизерин айткан.

11:19 6.6.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жаңы аныкталган 38 адамдын 29у үй карантинде болгон. Үчөө чет өлкөдөн кайтып келгендер.

Ал эми дагы үч киши кайдан жуктурганы белгисиз.

Бул тууралуу 6-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, үч кишинин вирусту кайдан жуктурганы боюнча изилдөө жүрүп жатат.

Буга чейин COVID-19 пандемиясына каршы күрөш боюнча республикалык штаб Бишкекте базарларда вирус жугузуп алуу коркунучу көп экени байкалып жатканын билдирген. Көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатканы айтылган.

Маалыматка караганда, илдет жугузгандардын бири инфекцияны шаардагы үч ири базардын биринен жугузушу мүмкүн. Буга байланыштуу республикалык штаб мэрияга санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү сунуш кылган.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүгө көмөктөшүү тууралуу тапшырма берилди.

10:34 6.6.2020

6-июнда өлкө аймагында дагы 38 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Инфекция жуккандардын саны: Бишкек шаарында – 9, Чүй облусу – 10, Нарын облусу – 3, Ош шаары – 11, Ош облусу – 2, Баткен облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 2 киши.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 1974 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 165,
  • Ош облусунда – 233,
  • Ош шаарында - 223,
  • Чүй облусунда – 291,
  • Бишкек шаарында – 622,
  • Баткен облусунда – 32,
  • Нарын облусунда – 390,
  • Ысык-Көл облусунда – 18 киши.

Обсервацияда жаткандардын саны 1736 адам. 1360 адам айыкты. 590 адам ооруканада, 11 адам оор абалда. 2 адам реанимацияда жатат. 22 адам каза болду.

Республикалык штаб бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганын маалымдады.

6-июнга карата бир медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер айыгып чыккан.

Эки дарыгер кайтыш болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG