Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:32 8.6.2020

АКШда коронавирустун очогуна айланган Нью-Йорк шаарында 8-июндан тартып айрым ишканалар ачыла баштады. Эки ай мурда бул шаарда коронавирустан бир күндө жүздөгөн адамдар көз жумган учурлар болгон. Азыркы статистикага ылайык, бир күндө жуктуруп алгандардын саны 500дүн тегерегинде болуп жатат.

Жергиликтүү бийлик сандар турукташып калганына байланыштуу айрым ишканалардын, анын ичинде курулуштун, өндүрүштүн, соода компаниялардын жанданышына уруксат берди. 400 миңдей адам жумуш орундарына кайтары күтүлүп жатат.

Нью-Йорк шаарында коронавирустан көз жумгандардын саны 22 миңден ашты.

Ал тапта Британияга чет жактан баргандар эки апта карантинде болушат. Бийлик мындай чечимди COVID-19 илдетинин экинчи толкунун алдын алуу максатында кабыл алды.

"British Airways" баштаган бир катар авиакомпаниялар бул чечимге каршы сотко кайрылышты.

Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок “чет жактан келгендердин арасынан коронавирус көп табылып жатканына байланыштуу" ушундай кадамга барышканын түшүндүрдү.

Британия Европадагы коронавирустан эң көп жабыркаган мамлекеттердин сап башында турат. Өлкөдө бул оорудан 44 миңден ашуун киши өлүп, 288 миңге чукул адам жуктуруп алды.

10:33 8.6.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 25 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жуккандардын көбү Бишкекте катталды - 18 адам. Мындан тышкары Чүй облусунда жети адам.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган бир адам - Нарын облустук ооруканасында жаткан 67 жаштагы аял бейтап көз жумду.

Бир суткада 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

19:59 7.6.2020

Казакстанда анализдеринен коронавирус аныкталган миңдей адам ооругандардын саны боюнча расмий статистикага кирбей калган.

3-июндан бери Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус анализинен аныкталса да, оорунун белгилери чыкпаган жарандардын эсебин өзүнчө жүргүзүп жатат. Оорунун белгилери билинбеген адамдардын саны миңден ашат.

6-июнда эле оорунун белгилери билинбеген 357 адам катталган.

Министрлик өз алдынча эсептин ачылышы өлкөдөгү реалдуу эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт деген ишеничте. Ошону менен катар мекеме соңку күндөрү коронавирусту жугузуп алгандардын 60 пайызында оорунун белгилери билинбегенин кабарлады. Ошондой эле Казакстан бийлиги коронавирустан өлгөндөрдүн жана коронавируска кабылып, бирок башка оорулары өтүшүп кетип, ошондон көз жумгандардын да эсебин өз алдынча жүргүзөт.

Расмий маалыматка караганда COVID-19дан 53 киши каза тапкан. Бирок бул вирусту жугузуп алып, андан көз жумгандардын саны андан көп экени кабарланып келет.

4-июнда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылган 37 адам башка оорулардын козголушунан көз жумганын айтты. Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында өлгөндөрдүн саны менен коронавирустан каза тапкандар үчүн казылган жайлардын санында айырмачылыктар болуп жатканын жазган.

15:13 7.6.2020

7-июнга карата дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 400 миңден ашты. Ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны жети миллионго чамалады.

Учурда бул илдетке кабылгандардын саны Латын Америкасында, Индияда жана Индонезияда өсүп жатат.

Бразилияда коронавирустан каза болгондордун саны 35 миңден ашты, күн сайын миңдей адам жашоо менен кош айтышууда. Бул мамлекет коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Индияда инфекциядан жабыркагандардын саны 237 миңге чамалады. Коронавирус көбүнчө айыл жергесинде жайылууда. 1,3 миллиарддай калкы бар Индияда 8-июнда карантин чаралары жумшартылат.

6-июнда Индонезияда миң адам вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетте 30 миңден көп адамдан COVID-19 аныкталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG