Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 10-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда жана Ош шаарында алтыдан адам, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын жана Талас облустарында бирден адам.
Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду: Чүй облусун Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну жана Жалал-Абад облусунун 73 жаштагы тургуну.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 89 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти.
Гарвард университети жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, коронавирус Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын август айында эле жайылган болушу мүмкүн.
8-июнда жарыяланган баяндамадагы бул маалыматты Бээжин “күлкүлүү” деп четке какты. Гарварддын иликтөөчүлөрүнүн айтымында, август айынан декабрга чейин беш оорукананын айланасында кымгуут көбөйгөнүн спутниктен алынган сүрөттөр көрсөткөн. Андан тышкары ошол маалда “жөтөл”, “диарея” сыяктуу оорунун белгилери Интернетте көп изделген.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы иликтөө “терең эмес” маалыматтарга негизделгенин билдирип, четке какты.
Коронавирус пандемиясы расмий былтыр декабрь айында Ухань шаарында тутанган.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 9-июнда дүйнө жүзүндө жалпы 7 млн. 119 миӊден көп адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 406 миӊден ашууну каза болду.
Талас шаарында бир адам коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:
"Азырынча анализинин жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан расмий эч нерсе тастыктап айта албайбыз. Эртең билинет".
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.
Республика боюнча бир гана Талас облусунда вирус катталган эмес.
Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова Бишкектеги “Орто-Сай” базары карантинге жабыла турганын билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим коронавируска чалдыккан бир нече адам ошол базарда болгонун айтып бергенине байланыштуу кабыл алынды:
"Орто-Сай” базары дезинфекциялоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жабылууда. Себеби бизге кайрылган бир нече адам ооруп калган себебин көрсөткөндө бул базарда болгонун айтып беришкен”, - деди Кузнецова.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, дезинфекция иштери эки күн жүргүзүлөт, базардын администрациясы сунуш кылса, кызматкерлеринен жана жумушчуларынан коронавируска анализ алынат.
Коронавируска байланыштуу март айынын аягында базардын кийим-кече саткан бөлүгү жабылып, эки айдан кийин ачылды. Азык-түлүк саткан жагы жабылган эмес.
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. Ооруга чалдыккандардын 655и Бишкекте катталды.
20-35 жаштагылар 788 бейтап, 36-55тегилер 619 бейтап, 56 жаштан улуу курактагылардын саны 310 адам.
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.
Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында – 655 адам. Нарын облусунда 399, Ош облусунда 239, Ош шаарында 236, Жалал-Абад облусунда 169, Чүй облусунда 303, Баткен облусунда 32 жана Ысык-Көл облусунда 22 адам.