Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:44 9.6.2020

Орусияда чек арадагы чектөөлөр жумшарып, баш калаа Москвада дээрлик эки айдан ашкан карантин алынды. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу кырдаал начар экенин эскертти. Дүйнөлүк банк быйыл глобалдык экономика 5,2 пайызга төмөндөй турганын билдирди.

Орусиянын жарандары 9-июндан тарта дарылануу, билим алуу же ооруп жаткан тууганына кам көрүү максатында чет өлкөгө чыгууга уруксат алышты. Чет элдиктерге да ушундай эле шартта Орусиянын аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Шейшембиден тартып, Москванын бардык тургундары үйүнөн сыртка чектөөсүз чыга алышат. Ары-бери жүрүүдө талап кылынган атайын уруксат кагаздарын алуунун зарылчылыгы болбойт.

9-июндан тарта чачтарач сыяктуу бир канча ишканаларга иштөөгө уруксат берилгени менен китепкана, музейлер бир жумадан кийин, спорт залдары менен бассейндер эки жумадан кийин гана ачылат.

"Эпидемиядан чыгып бара жатканыбызды күбөлөгөн көрсөткүчтөрдүн баары жайында. Биз кийинки, дагы радикалдуу кадамдарга өтө берсек болот. Иш жүзүндө Москва кадимки турмуш-тиричилигине кайтып жатат", - деди Москванын мэри Сергей Собянин.

Коронавирустун жайылышы боюнча Орусия учурда АКШ менен Бразилиядан кийин үчүнчү орунда турат. Өлкөдө коронавирусту жалпы жонунан 480 миңдей адам жугузуп алса, 6 миңдей бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Вируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү Москва шаарына туура келет. Шаарда бир күндө 2 миңдей адам коронавирусту жугузуп алууда.

Орусия COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү четинен алып жатканы менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму глобалдык масштабда абал начар экенин эскертип, бийлик башчыларын карантинди жумшартууда этият болууга үндөдү.

"Акыркы тогуз күндө сутка сайын 100 миңден ашык жаңы учур катталып жатты. Кечээ бир күндө 136 миң адамга вирус жукканы аныкталды. Алардын 75 пайызы 10 өлкөгө же Америкага жана Түштүк Азияга туура келет", - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 9-июнда дүйнө жүзүндө жалпы 7 млн. 119 миӊ 736 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 406 миӊ 542 адам каза болду.

  • АКШ – 1 961 185 (каза тапкандар – 111 007)
  • Бразилия – 707 412 (каза тапкандар – 37 134)
  • Орусия – 476 043 (каза тапкандар – 5 963)
  • Улуу Британия – 288 834 (каза тапкандар – 40 680)
  • Индия – 266 598 (каза тапкандар – 7 473)
  • Испания – 241 717 (каза тапкандар – 27 136)
  • Италия – 235 278 (каза тапкандар – 33 964)
  • Перу – 199 696 (каза тапкандар – 5 571)
  • Франция – 191 313 (каза тапкандар – 29 212)

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталып, дагы бир бейтап көз жумду. Натыйжада өлкөдө вирусту жугузуп алгандардын саны 2055ке, кайтыш болгондордун саны 24кө жетти.

Дүйнөлүк банктын эскертүүсү

Ал арада Дүйнөлүк банк коронавирус пандемиясынан улам глобалдык экономика Дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң чоң кризис алдында турганын эскертти. Уюмдун 8-июнда жарыяланган баяндамасына ылайык, быйыл дүйнөлүк экономика 5,2 пайызга төмөндөйт. Борбор Азиядагы эң чоң же 4 пайыздык төмөндөө Кыргызстанда болот. Казакстандын ички дүң жыйымы 3 пайызга, Тажикстандыкы 2 пайызга азаят. Түркмөнстанда өсүү да, төмөндөө да болбойт. Тескерисинче, Өзбекстанда 1,5 пайыздык өсүш катталат.

Дүйнөлүк банк билдиргендей, мындай кризистен улам өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн баарында жан башына түшкөн кирешенин көлөмү азаят. Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашаган адамдардын саны 70 миллиондон 100 миллионго көбөйөт. Дүйнөлүк банктын адистери пандемиянын экинчи толкунунун кесепети биринчисинен оорураак болушу мүмкүндүгүн эскертип жатат.

14:06 9.6.2020

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 264ү 15 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын арасынан 33 бала бир жашка толо элек ымыркай.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлашынча учурда бала бакча кызматкерлеринин коронавируска анализи бекер жасалып жатат. Мунун натыйжасында, 9-июнга карата Бишкек шаарындагы бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус табылды.​

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки мекемелердин иштөөсүнө уруксат берүү тууралуу буйрук чыгарган жана анда бала бакча кызматкерлери жумушка чыгар алдында ПЧР анализ тапшыруусу керектиги жазылган.

Штаб белгилегендей, “бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика менчик формасына карабастан баарына акысыз жүргүзүлөт”.

Азыркы учурда бакчаларды ачууга даярдык иштери уланууда. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору текшерүү жүргүзүп, тийиштүү эскертүүлөрүн берүүдө.

Санитардык нормаларга (санитайзер орнотуу, дезинфекциялык шалча төшөө, термометрия ж.б.) жооп берген мекемелерге Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык ачылып, иштөөгө уруксат берилет.

Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.

Вирустун жайылышынын алдын-алуу максатында көпчүлүк аймактарда азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бала бакчалар март айында убактылуу жабылган. Өкмөт алардын иштөөсүнө 5-июндан тартып уруксат берилерин жарыялаган.

Кыргызстандын Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу тараткан.

11:06 9.6.2020

Ош шаарында коронавирус жуктуруп алгандан кийин абалы начарлап, каза болгон аял 47 жашта болчу. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап өзү эски ооруларынан дарыланып жаткан, коронавирустан кийин абалы начарлап, жандандыруу чараларына карабастан кайтыш болду:

“Ош облустук ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан. 31-майда текшерилгенде COVID-19 аныкталган. Бөйрөктөрүн жабыркаткан миелома деген диагнозуна байланыштуу химия терапиясын да алып жаткан. Клиникалык ооруканага которулуп, атайын дарыланууга алынган. Коронавирус жуккандан кийин ооруларынын баары күчөп, көп органдары жабыркап, реанимациялык чараларга карабастан көз жумду. Жүрөк-кан тамыр системасы да иштебей калган”.

Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.

17:47 8.6.2020

8-июнда коронавирус менен ооругандардын саны жети миллиондон ашты.

Жон Хопкинс университетинин статистикасына ылайык, бул илдеттен 402 миңдей киши көз жумду.

Орусияда бир күндө бул илдетке тогуз миң адам кабылып, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 476 миңге жетти.

Орусия учурда Кошмо Штаттар менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Бразилияда инфекцияны жугузгандардын саны 691 миңден ашты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн 9-июндан баштап өлкөсүндө бардык чектөөлөр жоюларын билдирди. Дүйшөмбүдө өткөргөн басма сөз жыйында Ардерн жеке жана коомдук иш-чараларды эч чектөөлөрсүз өткөрсө болорун, коомдук транспорт жана башка тармактар өз нугунда иштерин айтты.

Жаңы Зеландияда 17 күндөн бери бир да учур каттала элек. Ошентсе да азыр чек аралар ачылбайт.

Түштүк Кореяда 8-июнда 38 адам коронавирус жуктуруп алган. Өлкөдө ооругандардын жалпы саны 11 800дөн ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG