Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча мекеме-ишканаларда, соода борборлорунда бир жумада 3000-4000 рейд жүргүзүлүп жатат.
Үсөнбаев талапты бузгандарга айып салынып жатканын, бирок жалпы эл эрежени сактабаса, коронавируска каршы туруу мүмкүн эмес экенин айтты.
«Көп учурда ооруканага барып жатасыздар. Көчөдө дагы эле жүрөсүңөр, парктарга барып жатасыңар. Ушуну азайта турсак. Эпидемиологиялык абал курчуп турганда үйдө болуп, киши көп жүргөн жерлерге барбасак», - деди Үсөнбаев.
Эпидемиологиялык абал дүйнөдө да курч. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус оорусунун биринчи толкуну бүтө элек экенин билдирди.
Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус «карантин чаралары жумшарган сайын бир топ өлкөлөрдө ооругандар көбөйөт» деп Түштүк Корея, Жапония, Сингапур жана Иранды мисалга тартты.
COVID-19 вирусунун экинчи толкунунан чочулаган Кытай бийлиги 12-июнда Бээжиндеги беш ири базарды жапты. Индияда карантин чаралары жумшаргандан бери ооругандар көбөйүүдө. АКШда да мындай темп байкалып жатат.
Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майк Раян «Африка, Латын Америкасы, Түштүк Азия пандемияны жеңгенден кыйла алыс» деди. ДССУ жетекчилиги жакыр өлкөлөр экономикалык кыйроонун алдын-алыш үчүн эл аралык жардамга муктаж деп жатышат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-июнда брифингде Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы бир бейтап каза болгонун билдирди.
Анын сөзү боюнча, вирустан көз жумган адам Ош облусундагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
«1962-жылы туулган бейтаптын оорусу үч күн мурда катуу кармаган экен. Амбулатордук жол менен жеке менчик процедуралык кабинет алып дарыланган. Абалы жакшырбаганы үчүн 118 телефонуна чалышканда мобилдик бригада барып анализ алган. «Тез жардам» менен алып келинип ооруканада дарыланып жаткан. Көрүлгөн чарага карабастан каза болуп калды», - деди Нурболот Үсөнбаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусунан көз жумгандардын саны 27 кишиге жетти.
Жалпысынан 18-марттан 13-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2207 адамдан табылды, 1722 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Соңку бир сутка ичинде төрт медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 41 адам жаңы катталды. Бир киши каза болду. Бул тууралуу 13-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 18 адам. Чүй облусунда жана Ош шаарында алтыдан, Ош менен Ысык-Көл облусунда экиден, Нарын жана Жалал-Абад облусунда үчтөн, Баткен облусунда бир киши.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 54 бейтап айыгып, 13-июнда үйүнө чыкты.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын 2207 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 177,
- Ош облусунда – 250,
- Ош шаарында - 251,
- Чүй облусунда – 331,
- Бишкек шаарында – 728
- Баткен облусунда – 36,
- Нарын облусунда – 404,
- Ысык-Көл облусунда – 27 киши.
- Талас облусунда - 3 киши.
Алардын 429у медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 1693 адам. 1722 адам айыкты. 457 адам ооруканада, 11 адам оор абалда. 2 адам реанимацияда жатат. 27 адам каза болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус глобалдык пандемияга каршы ар бир өлкө өз алдынча күрөшүп жатканына кабатыр экенин билдирди.
12-июнда болгон басма сөз жыйынында «пандемияны биригүү жолу менен гана жеңсе болот» деди.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин 12-июнга карата эсеби боюнча 7,5 миллион кишиге оору жугуп, каза болгондордун саны 425 миңден ашты. Дүйнөнүн эки ири өлкөсү АКШ менен Кытай COVID-19дун келип чыгуусу боюнча талаш-тартышын улантууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун «Кытайды жактайт» деп айыптап чыкты.
Ал арада АКШ бул оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда COVID-19 вирусу 2 миллион кишиге жугуп, 114 миң адам көз жумду. Америкада күн сайын 20 миң адамдан коронавирус чыгып жатат.
Дүйнөдө коронавирусту жугузгандардын жалпы саны. 12-июнь, Бишкек убактысы боюнча саат 6дагы маалымат.
Коронавирусту алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны: 7 688 000 (+140 000, өткөн суткадагыдай эле)
Өлдү: 426 500 (+5000, өткөн суткадагыдай эле)
Айыккандардын саны: 3 894 000 (+69 000, бир сутка мурдагыга караганда 40% аз)
Активдүү учурлар – 3 367 000. Алардын 3 313 000 – орточо оор абалдагылар, 53 833 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар.
Акыркы 22 саат ичиндеги өсүш:
АКШ: 20 519 (өсүү)
Индия: 11 320 (өсүү)
Орусия: 8987 (өсүү)
Чили: 6754 (өсүү)
Пакистан: 6397 (өсүү)
Мексика: 4790
...
Улуу Британия: 1541 (өсүү)
...
Франция: 726 (өсүү)
Беларус: 704 (төмөндөө)
Украина: 683 (төмөндөө)
...
Испания: 502 (өсүү)
...
Италия: 163 (төмөндөө)
...
Чехия: 32
Жаңы өлгөн учурлар:
АКШ: 666 (төмөндөө)
Мексика: 587 (төмөндөө)
Индия: 389 (төмөндөө)
Чили: 222 (өсүү)
Улуу Британия: 202 (өсүү)
Орусия: 183 (өсүү)
...
Италия: 56 (өсүү)
...
Франция: 28
...
Украина: 16
...
Чехия: 1