Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал 12-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ал өзүнөн коронавирус табылганы күтүүсүз болгонун, жолдошу менен балдарынын анализи таза чыкканын билдирди.
Украин президентинин кеңсеси Елена Зеленская үй-бүлөсүнөн обочодо дарылана баштаганын, маал-маалы менен коронавируска тесттен өтүп келгенин, июнь айынын башындагы анализинен вирус табылганын маалымдады.
Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 12-июнга карата өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 29 753 адамга жетти. Алардын 870и кайтыш болду.
Бишкектеги "Кайнар" ресторанына конокторду кабыл алып иштөөгө 12-июндан тартып убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлап, ресторанды жабуу учурун “Фейсбуктагы” расмий баракчасынан түз көрсөттү.
Мындай чаранын кабыл алынышына ресторандын администрациясы коронавируска байланыштуу карантин эрежесин сактабаганы себеп болгону айтылды.
Мэриянын адистеринин айтымында, соңку үч күндө бул жай жалпысынан 470тен ашуун адам катышкан иш-чараларды өткөрдү. Ошол адамдардын баарын тизме боюнча текшерип чыкканча айдын аягына чейин жабуу керектиги белгиленди.
Администрация өкүлдөрү айыпты мойнуна алганын айтышты.
Ресторан жайгашкан Октябрь районунун акими Максим Ситников алар менен жолугушууда эрежени сактоо азыр негизги талап экенин айтты:
"Бул өтө олуттуу мыйзам бузуу. Бизнесиңер жабыркабашы үчүн да, элдин ден соолугу үчүн да биринчи кезекте силер кызыкдар болушуңар керек эле".
"Кайнар" ресторанында көп кишинин катышуусу менен иш-чара өтүп жатканы тууралуу 11-июнда маалымат тараган.
Латын Америкада коронавируска чалдыккандардын саны 1,5 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, алардын 803 миңдейи 210 миллиондой калкы бар Бразилияга туура келет.
Бул өлкө COVID-19 илдетинен кайтыш болгондордун саны боюнча Британиядан ашып өтүп, АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты. 11-июндагы маалыматка ылайык, Бразилияда соңку бир күн ичинде коронавирустан көз жумгандар 1239 кишиге көбөйүп, жалпы саны 41 миңге чукулдады. Бир суткада 30 миңдей адамдан вирус табылды.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар көбөйүп жатканын, андыктан пандемия аягына чыга электигин эскерткен.
Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарынан башталган вирус 12-июнга карата дүйнөнүн булуң-бурчундагы 7 миллион 527 миңдей адамга жукту. Кеминде 421 миңден ашуун бейтап өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Орусияда коронавирусту жугузуп алгандар 500 миңден, АКШда 2 миллион кишиден ашты.
Казакстанда ооругандар көбөйдү, Армения өзгөчө абалды узартты
Казакстанда соңку бир сутка ичинде 944 адамдан коронавирус табылды.
Алардын 630у ооруну симптому жок алып жүрүүчүлөр экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери Казакстанда биринчи жолу бир күн ичинде миңге чукул адам коронавируска чалдыгып жатат.
Өлкөдө март айында эпидемия башталгандан бери өпкөнү сезгенткен бул вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 17 031 адамга жетти. 67 киши COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Казак өкмөтү коронавирус аныкталып, бирок өлүмүнө өнөкөт оорусу негизги себеп болгон бейтаптарды расмий статистикага киргизбейт. 4-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 37 адам COVID-19га чалдыгып, “башка оорудан кайтыш болгонун” билдирген.
Казакстанда коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 11-майда аяктаган. Чектөөлөр көпчүлүк өрөөндөрдө алынганы менен айрым аймактар вирус көбөйгөндүктөн карантин чараларын катаалдатып жатат.
Ал эми Арменияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылды. Мындай чечимди армян өкмөтү 12-июндагы чукул жыйынында кабыл алды. Өкмөт өлкөдө COVID-19 эпидемиясы жөнгө салына электигин жүйө келтирди.
"Эпидемиологиялык абал чыңалган бойдон кала берүүдө. Эгер эч кандай каршылык жок болсо, өлкөдөгү өзгөчө абал дагы бир айга - 13-июлга чейин узартылат", - деп билдирди премьер-министр Никол Пашинян.
Арменияда март айынын ортосунан бери өзгөчө абал тартиби өкүм сүрүүдө. Бирок апрель жана май айларында айрым карантин чаралары жумшарган. Андан бери коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнү байкалууда.
12-июнга карата 3 миллиондой калкы бар бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 15 281 кишиге жетти. 258 бейтап COVID-19 илдетинен көз жумду.
Июнь айынын башында премьер-министри Никол Пашинян жана анын үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү да коронавирус инфекциясын жугузуп алганы белгилүү болгон. Өкмөттү резиденциясынан башкарып жаткан Пашинян өлкөнүн саламаттык системасы эпидемияга туруштук бере албай, ооруканаларда орун жетишпей жатканын 6-июнда билдирген.