Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго коронавирус жугуп ооруканага жатты. Бул тууралуу ал 14-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым» деди.
Министр бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай илдетти жуктуруп алганын айтып, элди карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкка көңүл бурууга чакырды.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 14 496 кишиден COVID-19 вирусу табылды. Министрлик 3-июндан тартып вирус жуккан, бирок оорунун белгилери байкалбаган адамдарды өзүнчө эсепке ала баштады. Алар 4402 адамды түзөт.
Коңшу өлкөдө бул илдеттен 73 киши каза болду. Коронавирус табылып көз жумган дагы ондогон адам бул статистикага кошулбай калды. Министрлик муну алар дагы башка оорусу бар үчүн каза болгону менен түшүндүрдү.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 14-июнда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 50 адам. Чүй облусунда 13, Ысык-Көлдө эки, Нарында үч жана Жалал-Абад менен Талас облусунда бештен киши.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 69 бейтап айыгып, 14-июнда үйүнө чыкты. Бишкек шаарынан – 36 адам, Чүй облусунан тогуз, Ош шаарынан төрт, Ош облусунан эки, Нарындан 15, Баткен облусунан үч киши сакайды.
Жалпысынан 18-марттан 14-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2285 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1791 бейтап айыкты.
Бээжинде "Синьфади" аттуу ири азык-түлүк базарынан коронавирус чыккандан кийин текшерүү башталды.
Коронавирус бир сатып алуучу менен тамак-аштын сапатын текшерген эки инспектордон чыккан. Мындан кийин базардын 1940 жумушчусу тест тапшырып, 45 кишиден вирус табылган. Жыйынтыгында 139 адам карантинге алынды. Жума күнү шаардагы соода борборлорунун баары текшерүүдөн өттү. Базар жайгашкан райондун тургундарына үйдөн чыгууга тыюу салынды.
Ал эми Непалда полиция өкмөттүн коронавируска каршы чараларына нааразы болуп митингге чыккан он адамды, анын ичинен жети чет элдикти камакка алды.
Өлкөдө коронавирус экинчи кишиден табылганда эле катаал карантин кирген. Ага карабай ушул күндө Непалда COVID-19 жуккандардын саны 5062ге жетип, 16 адам өлдү. Өкмөт тумоону ооздуктай албаганы үчүн катуу сынга кабылды.
Полиция бул жумада премьер-министрдин резиденциясынын жанында чогулгандарды көздөн жаш агызчу газ, суу менен атып, союл менен урду.
Нааразылар ооруну аныктаган тесттерди көбүрөөк жүргүзүүнү, медициналык каражаттарды сатып алуудагы ачыктыкты талап кылууда.
Непалга коңшу Индияда коронавирус жуккандардын саны 300 миңден ашып, дүйнөдө төртүнчү орунга чыкты. Акыркы суткада өлкөдө 11 458 жаңы учур катталды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаал боюнча директору Майкл Раян азыркы тапта дүйнөдө COVID-19 жуккан жана андан каза болгондор эң көп катталган 10 өлкөнүн сап башында АКШ, андан кийинки орунга Бразилия чыкканын маалымдады.
12-июнда өткөн ДССУнун басма сөз жыйынында Раян Бразилия «ысык жана абасы кир» экенине кабатырланып, 828 миңден ашык кишиге оору жукканын, 42 миң адам өлгөнүн айтты.
Мындай көрсөткүч менен Бразилия Британиядан ашып өттү. 12-июнга карата дүйнөдө коронавирусту жуктургандар 7,5 миллиондон ашып, 425 миңден көп киши каза болду.