АКШда Флорида жана Техас баштаган бир катар штаттарда коронавирус жугузуп алган жарандардын саны көбөйдү. Алабама, Аляска, Аризона, Арканзас, Калифорния, Түндүк Каролина, Оклахома, Түштүк Каролинада соңку үч-төрт күн катары менен ооруга кабылгандар жапырт көбөйүп, эң жогорку чекке жетти.
Саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү илдеттин көбөйүп кетишин өткөн айдын аягындагы Эскерүү күнү жапырт белгилениши менен байланыштырып жатышат.
Соңку ишембиде АКШда COVID-19 жугузуп алган 25 миң учур катталды жана бул 2-майдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Мындан улам айрым штаттарда ооруканаларда бейтаптар батпай калды.
Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо жарандар көп-көптөн чогула берсе, анын кесепети оор болорун эскертти. Анын айтымында, аралыкты сактоо өңдүү талаптар сакталбаганына байланыштуу 25 миңден ашык арыз-доомат келип түшкөн.
АКШ коронавируска чалдыккандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул өлкөдө илдет эки миллиондон ашык жаранга жугуп, оору 117 миңдей кишинин өмүрүн жалмады.
Beeline соода маркасына ээлик кылган Sky Мobile компаниясынын директору Евгений Кражандан жана ишкананын бир нече кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» компаниянын PR-директору Марина Ким ырастады.
Ал вируска кабылган кызматкерлер өздөрүн жакшы сезип жатканын, ага карабай обсервацияга жаткырылганын билдирди. Ким ошондой эле канча кишиден вирус табылганын тактаган жок.
15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 2372 адамга жетти.
15-июнда өлкө аймагында дагы 87 адамга коронавирус жукканы аныкталды.
- Бишкек шаары – 48
- Ош шаары - 18
- Чүй облусу – 11
- Ош облусу – 5
- Жалал-Абад облусу - 3
- Ысык-Көл облусу - 2
15-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 22 бейтап айыгып үйүнө чыкканын кабарлады. Алардын 13ү Нарындан, 7 киши Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан, бирөө Ош облусунан.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 2372 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 185,
- Ош облусунда – 255,
- Ош шаарында - 269,
- Чүй облусунда – 215,
- Бишкек шаарында – 726
- Баткен облусунда – 36,
- Нарын облусунда – 407,
- Ысык-Көл облусунда –31 киши.
- Талас облусунда - 8 киши.
Обсервацияда жаткандардын саны 2041 адам. 1813 адам айыкты. 431 адам ооруканада, 4 адам реанимацияда жатат. 27 адам каза болду.
Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб акыркы суткада вирус 22 медицина кызматкеринен чыкканын кабарлады. Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 5, Ош облусунда 2 медицина кызматкери коронавируска чалдыкканы аныкталды.
Бул аралыкта 13 медициналык кызматкер оорудан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер айыгып чыккан.
Эки дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумган.
Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адам коронавирусту жуктурганы аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди.
Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда жаңы катталгандардын 36сы - Бээжинде. Бул ирет вирус өлкө ичинде жуккан деп таанылды.
Инфекциянын кескин таралуусун башкалаадагы «Синьфади» азык-түлүк базарынын иштешине байланыштырышууда. 13-июнда базар жабылып, айланасындагы 11 маалеге обочолонуу режими киргизилди.
Жети аптадан бери Кытайда коронавирус күнүнө бирин-экин же таптакыр катталбай келген эле.
Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.
Дүйнөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны. Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6га карата маалымат. 15-июнь, 2020-жыл
Дүйнөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны: 7 951 000 (+124 000, өткөн суткага караганда 10% аз).
- Өлгөндөр: 434 (+3300, өткөн суткага караганда 22% аз)
- Айыккандар: 4 087 000 (+73 000, өткөн суткага караганда 40% аз)
Активдүү учурлар– 3 429 000. Алардын 3 375 000 – абалы орто, 54 143 (2%) – оор жана өтө оор абалда
Акыркы 22 саат ичиндеги көрсөткүч:
АКШ: 17 511 (төмөндөө)
Индия: 11 382 (төмөндөө)
Орусия: 8835 (төмөндөө)
Чили: 6938 (өсүү)
Пакистан: 6825 (өсүү)
Сауд Арабия: 4233
Мексика: 3494 (төмөндөө)
...
Бразилия: 1989
...
Улуу Британия: 1514 (өсүү)
...
Беларус: 732
Ооганстан: 664
Армения: 663
Украина: 648
...
Франция: 407 (төмөндөө)
...
Италия: 338 (төмөндөө)
Канада: 325
Испания: 323 (төмөндөө)
...
Чехия: 8
Өлүмдүн жаңы учурлары:
Мексика: 424 (төмөндөө)
Индия: 321 (өсүү)
АКШ: 303 (төмөндөө)
Чили: 222 (төмөндөө)
Орусия: 119 (өсүү)
...
Италия: 44 (төмөндөө)
...
Улуу Британия: 36
...
Украина: 9
Франция: 9
...
Чехия: 1