Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:20 17.6.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 90 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан:

  • Бишкек шаарында – 36
  • Чүй облусунда – 2
  • Ош шаарында - 7
  • Ош облусунда - 6
  • Баткен облусунда - 3
  • Жалал-Абад облусунда - 3
  • Талас облусунда - 6

Бир сутка ичинде ооруканадан 54 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Бишкек шаарынан – 9, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында – 15, Ош облусунда – 16, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 4 бейтап айыгып, 17-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1901 адам.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 2562 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 189,
  • Ош облусунда – 267,
  • Ош шаарында - 287,
  • Чүй облусунда – 255,
  • Бишкек шаарында – 819
  • Баткен облусунда – 39,
  • Нарын облусунда – 416,
  • Ысык-Көл облусунда –33 киши.
  • Талас облусунда - 17 киши.

Обсервацияда жаткандардын саны 11 160 адам. 1901 адам айыкты. 631 адам ооруканада, 33 адамдын абалы оор, 6 адам реанимацияда жатат.

Акыркы суткада вирус жуктуруп алган 36 жаштагы эркек каза тапты. Ушуну менен коронавирустан өлгөндөрдүн саны 30 адамга жетти.

09:54 17.6.2020

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус жуктурганы аныкталгандар 1033 кишиге жетти. Бул өлкөдө COVID-19 илдети катталгандан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч. Ал адамдардын ичинен 350сүндө илдеттин белгилери бар, 683 кишиде коронавирустун симптомдору байкалбайт деп билдирди 17-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги.

Казакстан бийлиги 3-июндан бери коронавирус жуктургандарды белгилери ачык билингендерин “ооругандар”, билинбегендерин “таратуучулар” деп эки бөлөк эсептөөдө. Экинчи топтогуларды бийлик вирус жуктургандардын негизги статистикасына кошпой келет. Натыйжада, расмий маалыматка таянган эл аралык саламаттык уюмдары биринчи топтогулардын гана статистикасын саноодо.

Эки топту кошкондо вирус жуктургандар саны 22 миңди чамалаганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Алардын ичинен 88 киши көз жумду. Айыгып чыккандар 10 миңди чамалады.

08:44 17.6.2020

Коронавирус расмий катталбаган Түркмөнстанда, айрым кабарларга караганда, эки чоң оорукана карантинге алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине жакын булактар "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына 15-июнда кабарлашкандай, Ашхабаддагы инфекциялык ооруканада иштегендерге бир нече күн бою ал жактан чыгууга жана телефондорун пайдаланууга тыюу салынды. Атын атабаган кызматкерлер оорукана пневмонияга чалдыккан бейтаптарга толуп калганын, оор абалдагылар жана көз жумгандар бар экенин айтып беришти.

Лебап облусундагы Түркмөнабад шаарынан келген расмий эмес маалыматка ылайык, жергиликтүү ооруканада иштеген медайымдын анализинен экинчи жолу коронавирус табылгандан кийин ал жер жабылды.

Аттарын атабаган булактар полиция оорукананы курчоого алганын, медициналык кызматкерлерге пандемия башталгандан бери биринчи жолу жеке коргоочу каражаттар берилгенин айтып беришти.

Дагы бир булактардын айтымында, бийлик коронавирус катталганын расмий жарыялоого даярданып жатат. Бирок муну тастыктаган же төгүнгө чыгарган расмий маалымат алуу мүмкүн эмес.

08:41 17.6.2020

Коронавирус пандемиясы тууралуу дүйнөлүк статистика

17-июнь, Бишкек убактысы боюнча саат 6:00догу маалымат

Коронавирусту алып жүрүүчүлөрдүн саны: 8 205 000 (+134 000, өткөн суткага караганда 11% көп ).

  • Өлгөндөрдүн саны: 443 700 (+6200, өткөн суткага караганда 77% көп)
  • Айыккандар: 4 278 000 (+100 000, өткөн суткага караганда 8% көп)

Активдүү учурлар – 3 483 000. Из них 3 429 000 – орточо оордуктагылар, 54 295 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар. Көп убакыттан бери мындай бейтаптардын саны азайды.

Акыркы 22 часа оору жуккан учур көбөйгөнү байкалды:

  • АКШ: 16 926 (өсүү)
  • Бразилия: 13 178 (өсүү)
  • Индия: 11 122 (өсүү)
  • Орусия: 8248 (өсүү)
  • Чили: 5013
  • Пакистан: 4443 (төмөндөө)

...

  • Улуу Британия: 1279 (өсүү)

...

  • Швеция: 940

...

  • Беларус: 689 (төмөндөө)
  • Украина: 666 (өсүү)

...

  • Франция: 344

...

  • Израиль: 258

...

  • Испания: 219 (өсүү)
  • Италия: 210 (төмөндөө)

...

  • Чехия: 31 (өсүү)

Өлүмдүн жаңы учурлары:

  • Индия: 2006 (өсүү)
  • АКШ: 641 (өсүү)
  • Бразилия: 539 (төмөндөө)
  • Мексика: 439 (өсүү)
  • Улуу Британия: 233 (өсүү)
  • Орусия: 193 (өсүү)
  • Иран: 115 (өсүү)
  • Франция: 111 (өсүү)

...

  • Швеция: 48

...

  • Италия: 34 (өсүү)

...

  • Германия: 25

...

  • Украина: 11

...

  • Чехия: 1

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG