Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр иштелип чыкканын билдирди.
Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса, гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт.
Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев саламаттык сактоо тутумуна жаңы алгоритмдерди киргизүү керек экенин белгиледи.
«Жарандар COVID-19ду коомдук транспорттон, базарлардан жана соода түйүндөрүнөн жуктуруп алууда. Акыркы эки күндө илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатканы байкалды. Илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек», - деди Кененбаев.
Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко текшерүүчүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.
Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылат.
16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 18-марттан 16-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2472 адамдан табылды, алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду, 1844ү айыкты.
Кыргызстанда коронавирусту текшерүүчү мамлекеттик лабораториялар санарипке өтүп, алардын иштөө сапаты жогорулады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору кабарлады.
Маалыматка караганда, тесттерди текшерүү эми Лабораторияларды башкаруунун маалыматтык системасынын негизинде жүргүзүлөт. Буга чейин мындай система кургак учукка каршы кызматта ийгиликтүү колдонулуп келаткан.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине караштуу социалдык чөйрөдө санариптештирүү жаатында иштеген «Соцсервис» ишканасынын директору Аман Абдылдаев белгилегендей, «Бул система кургак учукка каршы кызматта өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын интерфейси колдонууда оңой, ыңгайлуу жана түшүнүктүү. Компьютерди жаңы үйрөнгөн медкызматкерлер да оңой өздөштүрүп алып жатышат».
Жаңы система ондон ашуун лабораторияда иштөөдө. Жалпысынан анын базасына 100 миңдей маалымат киргизилди. Анализдин жыйынытыгын чыгаруу тездеди, лаборатория менен ыкчам бөлүмдүн байланышы жакшырды. Эң негизгиси – ар кандай документтерди буга чейин колго толтуруп жургөн вирусолог адистер мындай түйшүктөн арылышты.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.
Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% - эмгекке жөндөмдүү курактагылар.
Коронавируска чалдыккандардын саны 18-марттан 16-июнга чейин Кыргызстанда 2472 адам болду. Оорудан 1844 адам сакайып кетти. 28 адам коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза тапты.
Украина президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская өпкөсү сезгенип Киевдеги ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер ага COVID-19 деген диагноз койгон.
Бул тууралуу Украина президентинин кеңсеси кабарлады. Билдирүүдө Зеленскаянын абалы туруктуу экени, дем алдыруучу жабдыкка муктаж эместиги айтылат.
Буга чейин биринчи айым коронавирусту жугузуп алганы тууралуу маалыматтар айтылып жаткан. Президенттин өзүнөн жана балдарынан вирус табылган эмес.
Жубайы ооруп калганына байланыштуу Зеленский массалык иш-чараларга катышпай, аралыктан иштөө режимине өткөн.
- автор Элеонора Бейшенбек кызы
Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандардын саны 8 миллион адамдан ашты. Илдеттен 436 миңдей бейтап көз жумду. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) оору кайрадан жайылып кетиши ыктымал экенин эскертти.
Уюмдун мындай билдирүүсү бир катар Европа өлкөлөрү карантин чарасын жумшартып, ички чек араларын ачкан маалга жана Бээжинде оорунун жаңы очогу катталган учурга туш келди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус ушул тушта дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны күн сайын 100 миңге көбөйүп жатканын эскертти.
Ал бул оору Азия менен Америкада өтө тездик менен жайылып жатканын айтты. Гебрейсус айрыкча Бээжиндеги соңку жагдайга тыкыр көз салып турушканын билдирди:
"Бээжин өтө чоң, өтө жандуу жана байланышы көп шаар. Ошондуктан ар дайым маселе жаралып турат. Менимче, силер кытай бийлигинин камтамачылыгын деле көрүп жатасыңар. Биз ал жактагы жагдайга тыкыр байкоо салып турабыз".
Бээжинде өткөн жумадан бери 100дөн ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Оорунун очогу азык-түлүк сатылган ири базар экени белгилүү болгондон кийин шаардагы 30дай район карантинге жабылды.
Кытай бийлиги шейшембиден тарта Бээжиндин тургундарын массалык түрдө тесттен өткөрө баштады.
Индиянын борбору Нью-Делинин жетекчилиги да 18-июндан баштап күнүнө бери дегенде 18 миңдей тест алына баштаганын билдирди. Шаарда ооругандардын саны 40 миңден ашты. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Ооруканаларга бейтаптар батпай калгандан кийин поезддин 500 вагону убактылуу ооруканага айланды.
Бийликтеги Бхаратия-Жаната партиясынын расмий өкүлү Саед Шахнаваз Хуссаин өкмөт борбор калаада оорунун жайылып кетишине каршы болгон аракетин жумшап жатканын айтты:
"Биз коронавируска каршы аёосуз күрөшүүбүз керек. Федералдык өкмөт COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн поезддин вагондорун беришти. Медицина илимдери улуттук институтунун алдында тажрыйбалуу дарыгерлерден турган топ түзүлдү. Федералдык өкмөт Нью-Делидеги коронавируска каршы жапырт күрөштү бардык жактан колдойт".
Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бул өлкөдө оорудан 10 миң киши каза тапкан.
Ал арада Жаңы Зеландияда соңку бир күн ичинде коронавирус жуккан эки учур катталды. Аталган өлкө мындан эки апта мурда коронавирусту толук жеңгенин жарыялаган. Бийлик ооруга кабылган эки адам Жаңы Зеландияга Британиядан жакын тууганынын тажыясына келгенин билдирди. Бейтаптар менен байланышта болгон туугандары, жакындары карантинге алынды.
Жаңы Зеландияда өткөн аптадан тарта адамдардын калайман топтолушуна, анын ичинде спорттук иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилген. Премьер-министр Жасинда Ардерн башка өлкөдөн келген жарандар ооруну кайра жайылтышы ыктымал экенин эскерткен.
Убагында оорунун очогу болгон Европанын бир катар өлкөлөрү дээрлик үч айга созулган карантинден кийин дүйшөмбүдөн тарта ички чек араларын кайрадан ачты.
АКШнын 20дай штатында ооругандардын саны эң жогорку чекке жетти. Кошмо Штаттарда оору жугузуп алгандардын саны 2,1 миллион адамдан ашты. Коронавирус 116 миңден ашуун бейтаптын өмүрүн жалмады. АКШ бийлиги октябрь айына чейин көз жумгандардын саны 200 миң адамдан ашарын эскертип жатат.
Латын Америкада ооругандар азая элек. Аймакта 80 миңдей адам ажал тапты. Оорунун очогуна айланган Бразилияда COVID-19 888 миңден ашуун адамдан табылып, 44 миңдей бейтап көз жумду. Бирок мындай жагдайга карабай Бразилия менен Мексика карантин чараларын азайтып жатат.
Эл жыш жашаган Индия, Пакистан жана Египет өңдүү өлкөлөрдө да күн сайын ооругандар көбөйүүдө.