Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:53 17.6.2020

Казакстандын Мажилисинин спикери Нурлан Нигматулинден коронавирус табылды. Өлкө парламентинин расмий сайты төрага буга чейин коронавируска кабылганы айтылган саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов менен жолугушканын билдирди.

"Елжан Биртановдун анализи оң натыйжа бергендиктен, мажилис спикери 16-июнда коронавируска тест тапшырган эле. Тилекке каршы, тест оң натыйжа көрсөттү. Симптомсуз COVID-19 деген диагноз коюлду" деп жазылган расмий кабарда.

Нигматуллин учурда обочолонуу режимин сактоо менен иштеп жатканы кошумчаланган.

Дүйшөмбүдө казак премьер-министри Аскар Мамин да карантинге чыккан. Бирок премьерге коронавирус жуккан-жукпаганы кабарланган жок. Анын алдында саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылганы аныкталган. Учурда өлкөнүн билим берүү, коргоо жана айыл чарба министрлери, ошондой эле Жамбыл облусунун акими аралыктан иштеп жатышат.

11:12 17.6.2020

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Кубатбек Боронов парламентте жарандар жоопкерчиликтүү болбой жатканын белгиледи.

"Карантинди убагында киргизгенбиз. Анын туура болгонун эл аралык коомчулук да белгилеген. Бирок баарын эле бекитип отурганга шарт жок. Экономиканын абалын көрүп турасыздар. Эл азыр санитардык талаптарды сактабай жатат. Бирок дагы эле болсо элге жетпей жатат. Эң жаманы кээ бир жарандарыбыз "коронавирус жок" дегенге өзү эле эмес, башкаларды да ишендирип жатат", - деди Боронов.

10:50 17.6.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июндагы брифингде берген маалыматына караганда, акыркы суткада жаңы аныкталган 90 адамдын ичинен 42си оорулуу адамдар менен байланышта болгон. 36сы инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбейт. Калгандары чет жактардан келген кыргызстандыктар.

Үсөнбаев жарандарды өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга, санитардык эрежелерди бекем сактап, муктаждык болбосо, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды. Ал ошондой эле улгайган адамдар коронавирус илдетинде аялуу болуп жатканын белгилеп, карыяларды коргоого үндөдү.

10:45 17.6.2020

Республикалык штабдын 16-июнда өткөн жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр иштелип чыкканын билдирген.

Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса, гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт жана алардан эрежени сактоо тууралуу тил кат алынат.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко текшерүүчүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланган.

Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылары эскертилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG