Коомдук автоунаа илдетти жуктурууда кооптуу жайга айланганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты:
«Талаптарды аткарбай жаткан транспорт ишканаларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок алар коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү».
Мамлекет башчысы жарандар илдеттин алдын-алууга жана дарыгерлердин айтканын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалап, коомдук жайларда беткап кийип, оорунун белгилери байкалганда обочолонуу талаптарын сактоого чакырды.
Президент Жээнбеков чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандарды да катуу көзөмөлдөөнү талап кылды.
Мамлекет башчысы коронавируска каршы ыкчам республикалык штабга, Саламаттык сактоо министрлигине, жергиликтүү бийликтерге илдет менен күрөшүүнү мурдагыдан да күчөтүү талабын койду. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөөдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин белгилеген президент мындай эскертүүнү өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле бергенин жетекчилердин эсине салды.
19-июнда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырып, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.
Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100, 17-июнда 90, 18-июнда 95 адамдан оору аныкталган.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. Учурда ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам көз жумду.
Казакстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сегиз адам кайтыш болду. Өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны дагы 1252 кишиге көбөйдү. Бул - өлкөдө март айында эпидемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, вирус жаңыдан табылган адамдардын 778инде оорунун белгилери жок.
Казак бийлиги вирусту жугузуп алгандардын санын 16 351 деп көрсөтүүдө. Бирок бул тизмеге илдеттин белгилери жок адамдар кирген эмес. Алардын баарын кошкондо вируска кабылгандардын жалпы саны 23 960ты түзөт.
Расмий статистикага ылайык, өлкөдө COVID-19 илдетинен жалпы 105 киши каза тапты. Бирок 18-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Лаззат Актаев бул тизмеге кирбеген дагы 54 өлүм катталганын, ал бейтаптарда коронавирус табылганы менен башка өнөкөт оорулар болгонун айтты.
18-июнда мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да илдетке чалдыкканы кабарланган. Анын алдында Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.
Казакстанда коронавирустун кайра күч алышына байланыштуу 20-21-июндан тартып Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлө турган болду.
Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна кабарлады:
“Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы", - деди Кадырбекова.
Кадырбекованын маалыматына караганда, аким менен чогуу иштегендер, анын ичинде өкмөттүн облустук акимчилигиндеги айрым кызматкерлер да ПЧР-анализ тапшырышууда.
19-июнга карата Ош облусунан 12 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен экөө Араван районунан аныкталган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июнда Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда Араван районуна барып, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси жана талаа иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат.
Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда. Жыйынга бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчыга вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100, 17-июнда 90, 18-июнда 95 адамдан оору аныкталган.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду.