Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:20 20.6.2020

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышынын жаңы, кооптуу баскычы башталды деп эскертип жатканда Бразилияда бул вирусту жугузуп алгандардын саны 1 миллион адамдан ашты.

Жума күнү кечинде Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги COVID-19ду алып жүрүүчүлөрдүн саны 1 миллион 32 миңден ашканын, акыркы сутка ичинде 1206 киши оорудан каза тапканын билдирди.

Дүйнөлүк статистикада Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунда. Биринчи орунда турган АКШда жаңы вирус жуктургандардын саны 2,2 миллиондон ашты. Дүйнөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 8,5 миллиондон, каза тапкандардын саны 457 миңден ашты.

17:19 20.6.2020

Кыргызстанда пандемия башталгандан берки убакта бир суткада үч адам каза болду.

Алардын бири 59 жаштагы аял, 61 жана 62 жаштагы эркек кишилер.

20-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алып, каза болгондордун саны 35 адамга жетти. Алардын ичинен экөө 50гө чыга электер. Калгандары 50 жаштан жогору курактагылар.

17:10 20.6.2020

Бишкек шаарындагы коомдук автоунаалар ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күндөрү толук токтотулат.

Бул чаралар келерки аптадан тарта ишке кирет. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун 20-июнда брифингде билдиргенине караганда, мындан тышкары шаар аралык каттамдагы кичи автобустардын иши да токтотулат. Такси жана башка жүк ташуучу автоунаалар санитардык талапты бекем сактоо менен ишин уланта беришет.

“Бишкекте жана Ош шаарларында кырдаал оор болуп турат. Күн санап оору жуккандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, биз ушундай чараларды көрүүгө аргасызбыз”, - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы мындан ары республикалык ыкчам штабды биринчи-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектеп, иш жүргүзөрүн маалымдады.

15:37 20.6.2020

Казакстандык дарыгерлер алты кишилик палатага он беш кишиден жаткырып, күнүнө 20 сааттан иштеп жатканын айтып жатышат. Өзгөчө абал алынгандан кийин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны кескин түрдө өсүп кетти.

20-июнга карата Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы жуккан 1 048 жаңы учур катталганын кабарлады.

Жалпы өлкө боюнча вирус жуккандардын саны 25 008ге жетти. 113 адам кайтыш болду.

Соңку күндөрү Алматы менен Нур-Султанда ооруканалар COVID-19 инфекциясы жуккан бейтаптарга толду. Орун жоктугунан ооруканалар оор акыбалдагы кишилерди гана кабыл алып жатканын билдирди. Казакстандагы кырдаал тууралуу бул макаладан толук окуй аласыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG