Коронавирус пандемиясы тууралуу дүйнөлүк статистика. 26-июнь, Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:00догу маалымат
Дүйнөдө коронавирусту алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны: 9 679 718 (+158 900).
Өлдү: 488 724 (+4 765).
Айыкты: 5 247 040
Активдүү учурлар – 3 943 954. Анын 3 886 511 (99 процент) – орточо оор абалда, 57 443 (1 процент) – оор жана өтө оор абалда жаткандар.
Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1,5 миңге чукул адамдан аныкталды. Ошентип бул ооруну жуктуруп алгандар саны 32 миң кишиге жетип калды. Бул илдеттен 136 бейтап жан берди.
2017-жылдан бери саламаттык сактоо министри болуп иштеп жаткан Елжан Биртанов кызматтан алынды.
Анын ордуна президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алексей Цой саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби ачык айтылган жок.
Биртановго мындан он күндөй мурун коронавирус жукканы белгилүү болгон, кийинчерек анын өпкөсү сезгенгени маалымдалган. Ага чейин Казакстанда коронавируска байланыштуу жагдай тууралуу расмий маалыматтарды Биртанов берип келген. Казак коомчулугунда соңку кырдаалга байланыштуу саламаттык сактоо тармагынын жетекчилигине бир катар доомат айтылган.
Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 25-июндагы онлайн брифингде илдеттин жайылуусу күчөп кетсе борбордук штабга калаанын 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берилерин билдирди.
"Эгерде бул оору жайыла берсе, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жабууга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Себеби, ден соолугун бүгүн, өмүрүн ойлошубуз керек", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле шаардагы бардык коомдук жайлар санитардык эрежени сактабаса, кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады. Түлөбаев келаткан жумадан баштап ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт жана такси кызматтарынын иштөөсүнө тыюу салынарын белгиледи. Мэриянын аппарат жетекчиси коомчулуктун кайдыгерлигинен эпидемия күчөп баратканын айтты.
АКШда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 34,7 миңден ашык адамдан катталды жана бул апрель айынын аягынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Мындай жагдайдан улам Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут штатынын губернаторлору оору көбөйүп жаткан сегиз штаттан, тактап айтканда, Алабама, Арканзас, Флорида, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Техас жана батыштагы Аризона менен Ютадан келгендерди 14 күндүк карантинге алууну чечти.
Оору очогуна айланган Техаста акыркы эки аптанын ичинде ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эки эсеге, ал эми өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алган адамдардын саны үч эсеге көбөйдү. Штаттын губернатору Грег Эбботт тургундарды үйдө болууга чакырды.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирустан 480 миңден ашык бейтап жан берди. Ооруга кабылгандардын жалпы саны 9,3 миллиондон ашты.