Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:48

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:32 27.6.2020

Президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчисин Бишкекке келгенден кийин тапшырган.

“ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, - деди Толгонай Стамалиева. (Толук маалымат бул жерде)

14:04 27.6.2020

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавируска чалдыкты. Бул маалыматты аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

Ага ылайык, 27-июнга карата коронавирус жугузганы аныкталгандардын ичинде президенттик аппараттын тогуз кызматкери жана аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар.

26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырган.

Маалыматта “Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин көзөмөлүнө алынган. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык” деп кабарланган.

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калган. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Мамлекет башчыныкы таза чыкканы маалымдалган.

13:43 27.6.2020
  • Черногориянын бийлиги "өлкө коронавирустан арылды" деп жарыялагандан бир ай өтпөй, кайрадан карантин киргизүүгө аргасыз болду. Бийлик бул кадамы менен коронавирус жугузуп алгандардын санын азайтууга аракеттенүүдө. Өлкөдө акыркы он күндө коронавирус илдетин жуктуруп алган жүздөн ашуун адам катталды.
  • Сербияда акыркы суткаларда коронавируска чалдыккандардын саны өскөндүктөн, серб бийлиги бир нече оорукананы жалаң вируска чалдыккандарды дарылоочу жайга айлантты.
  • Хорватия Сербиядан жана башка балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эки жумалык карантин жандантыларын мурдараак кабарлаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус эпидемиясы кайра күчөшү ыктымалдыгын маалымдаган. Анын ичинде Борбор Азиядан тартып, Батыш Европага чейинки жети аймак, 54 өлкө камтылган.

Коронавирус күч алган өлкөлөрдүн ичинде Швеция, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Украина бар. Бул аймактарда күнүнө 20 миңге чейинки адам коронавируска чалдыкса, 700гө чукул киши оорудан көз жумууда.

10:11 27.6.2020

27-июнда өлкө аймагында дагы 309 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 4513 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 288
  • Ош облусунда – 468
  • Ош шаарында - 594
  • Чүй облусунда – 610
  • Бишкек шаарында – 1670
  • Баткен облусунда – 51
  • Нарын облусунда – 469
  • Ысык-Көл облусунда – 81
  • Талас облусунда - 42 киши.

Алардын 712и медкызматкерлер. 414ү айыкты.

Обсервацияда жаткандардын саны 1569 адам. 2212 адам айыкты. 628 адам ооруканада, 52 адамдын абалы оор, 12 адам реанимацияда жатат. Үй шартындагы изоляцияда 1627 адам бар. 46 адам каза болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG