АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 500 миңден ашуун адам көз жумду.
Коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү АКШда. Өлкөдө 2,5 миллиондон ашык адам вирусту жуктурган. 125 миңден ашуун киши коронавирус жуктургандан кийин көз жумган.
Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө COVID-19 вирусун 1,3 миллиондон ашуун киши жуктуруп алган.
Коронавирус жуктургандардын көптүгү жагынан үчүнчү орунда Орусия турат. Бул өлкөдө 634 миңден ашуун адам илдетке чалдыккан. Эпидемия башталгандан бери 9 073 адам көз жумду. Акыркы суткада эле өлкөдө 6791 адам коронавирусту жуктурган. Орус бийлиги коронавирус өлүмүнүн негизги себеби болгон гана учурларды каттайт.
Кийинки орундагы Индияда коронавируска жарым миллион адам чалдыккан. Андан кийин Британияда 311 миңден ашуун адам жугуштуу инфекцияга кабылган.
Жалпы дүйнө жүзүндө дээрлик 5,5 миллион адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 28-июнга карата дагы 235 адамдан коронавирус аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан.
Бишкек шаарында – 107
Чүй облусунда – 43
Ош шаарында – 33
Ош облусунда – 9
Нарын облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 15
Ысык-Көл облусунда – 14
Баткен облусунда – 13
Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавируска кабылгандардын саны 4748 адамга жетти.
Акыркы суткада 30 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6 адам. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 2242 бейтап коронавирустан айыкты.
28-июнга карата бир адам – 56 жаштагы аял Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында каза болду. Коронавирус жуктургандан кийин каза болгондордун жалпы саны 47 болду.
Бүгүнкү күнү стационарда 628 адам дарыланууда. 20 киши жандандыруу бөлүмүндө.
27-июнда Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 309 адам катталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.
Британиянын окумуштуулары 40-50 жаштардагы коронавирус менен ооруп айыккан ар бир үч адамдын биринин саламаттыгы начарлап, жабыр тартарын аныкташты.
Илимий изилдөө тууралуу “The Telegraph” гезити жазып, өткөн жумада эң көп окулуп, талкууланган макала болду.
COVID-19га чалдыгып айыгып чыккан бейтаптардын 30% өпкөсүндө жаранын калдыгы калат.
Ошондой эле психикалык саламаттыгы начарлап, ишке жөндөмү азаят.
Байкоого Британиядагы 300 миңге чукул бейтап алынган. Пандемия маалында элдин баарын тесттен өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, болжол менен Британиянын 1 миллиондой жараны коронавирустун кесепетинен ден соолугу жабыркайт.
Оорудан кийин калыбына келтирүүчү “Seacole” борборунун дарыгери Хиллари Флойд гезитке курган маегинде 40-50 жаштагы адамдар вирустун кесепетинен кыйналарын аныкташканын айтты.
“Аябай активдүү, кара күчкө толуп турган, ишкерлик кылып, тынымсыз иштегендердин бир бөлүгү азыр төшөктөн турбай калышты. Алар бул оор абалдан чыга албай калышы да мүмкүн”, - дейт дарыгер.
Ошондой эле Британияда вирустун айынан акыл-эси жабыр тарткан 13 миңдей бейтап азыр дарыланып жатканы маалым болду.
Коронавирус кыргыз өкмөтүнүн 15 кызматкеринен жаңы, 11 кызматкеринен эки күн мурда аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматы 27-июнда кабарлады.
Маалыматка караганда вирус аныкталгандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана жардамчысы бар.
Вирус табылган кызматкерлер санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык үй карантининде дарыланып жатышат. Алар менен байланышта болгон өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министр Таалайбек Темиралиев обочолонду.
Өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлеринин көпчүлүгү обочолонгон режимде иштеп жатат.