30-июнда өлкө аймагында дагы 279 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алгандан кийин 7 киши каза болду.
Стационарда – 721 киши бар, алардын 23ү реанимацияда. Үй шартындагы изоляцияда 2148 адам бар.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 5296 адамды түздү
- Жалал-Абад облусунда – 336
- Ош облусунда – 484
- Ош шаарында - 651
- Чүй облусунда – 872
- Бишкек шаарында – 2197
- Баткен облусунда – 77
- Нарын облусунда – 484
- Ысык-Көл облусунда – 119
- Талас облусунда - 65 киши.
Жалпысынан илдеттен каза тапкандардын саны 57 кишиге жетти. 2 370 адам айыкты.
Мындай билдирүү менен ДССУнун аткаруучу директору Тедрос Гебреисус журналисттерге кайрылды.
"Айрым өлкөлөр эпидемияны ооздуктай алганы менен пандемия тез жайылып баратат", - деди ДССУ жетекчиси.
"Күн сайын ооругандардын саны 150 миңге көбөйүп жатат. Вирус тарагандан бери алты ай өтсө да окуя чоюлган пластинкадан бери кайра-кайра кайталанууда. Тест жасагыла, байкагыла, обочолонгула, карантинге алгыла", - деди Гебреисус.
Мындан тышкары ДССУ өкүлдөрү SARS-CoV-2 чыгышын иликтеш үчүн Кытайга бара турганы кабарланды.
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 118 кызматынын алгоритми өзгөртүлдү. Эми 118 кызматы ПЧР тест албайт, бирок мобилдик медициналык бригада кайрылгандардын үйүнө бейтаптардын абалын кароо үчүн келишет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Бишкек мэриясы дарыгерлердин кеңешин алуу үчүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун тизмесин жарыялады. Ал тизмени окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.
Социалдык тармактарда ондогон колдонуучулар дене табы көтөрүлүп ооруп жатканын, тез жардам кызматтары убагында жардам албай жатышканын тынбай жазып жатышат.
Муну саламаттыкты сактоо министрлиги кайрылуулар абдан көп болуп, 118, 103 тез жардам кызматтары үлгүрө албагандыгы менен түшүндүрүүдө.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө карантин чараларын кайра киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө абал аяктаган 11-майдан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны жети эсе көбөйдү. Токаев 29-июнда өткөн видео жыйында вирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады.
Ошондой эле Казакстанда март айында киргизилген чектөөлөргө окшош чаралар зарыл экенин ишара кылды. Төрт күн мурда Токаев саламаттык сактоо министрин алмаштырган болчу.
Казакстанда соңку бир сутканын ичинде 1613 адамдан коронавирус табылды. Натыйжада өлкөдө анализинен коронавирус чыгып, бирок белгилери байкалбаган адамдарды кошкондо өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 37 966га жетти.
Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөдө эпидемия башталгандан бери 178 бейтап коронавирустан каза тапты. Бирок казак бийлиги анализинен коронавирус табылса да, башка өнөкөт оорулардан көз жумган бейтаптар бул тизмеге кошулбаганын билдирип келет.