Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиясы 1-июлдан тартып өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүүнү чечти.
Ага ылайык, ири соода комплекстери жана буюм-тайым базарлары ишемби-жекшембиде дезинфекция үчүн жабылат.
Коомдук жайларда жарандар ортодо 2 метр аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкапчан жүрүүгө тийиш. Супермаркеттердин кире беришинде беткап акысыз берилери да кабарланды.
Андан тышкары «кызыл» жана «сары» деңгээлинде деп белгиленген карантиндик аймактарда күндүз үч кишиден ашык чогулууга, түнкүсүн көчөдө же кабат үйдүн короолорунда жүрүүгө тыюу салынат.
Чектөөнү бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары атайын комиссиянын бүтүмүндө камтылган.
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандар 30-июнга карата 8300 кишиге жеткени расмий кабарланды. Анын ичинде айыгып чыккандар 5,5 миң киши. 24 киши коронавирус кесепетинен пайда болгон илдетти көтөрө албай көз жумду.
Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков карантин чаралары киргизилбей турганын айтты. Макаладан толук окуңуз.
«Алай» футбол клубунун эки оюнчусу COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.
Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун COVID-19 илдетин жугузуп алган бир оюнчусу жана дарбазачысы обсервацияда жатышат.
Клубдун базасы жайгашкан Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион карантинге жабылганын клубдун жетекчиси Алмаз Сулайманов «Азаттык» радиосуна билдирди.
Кыргызстанда коронавирустан дагы бир медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, 30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген.
Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан. Кайтыш болгондордун саны буга чейин экөө болчу.
Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүү керектигин 26-июнда билдирген.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага тергөө абагында ооруну атайылап жуктурушту деп эсептешет. Анын уулдарынын “Фейсбуктагы” баракчаларына жарыяланган билдирүүдө “Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз” деп жазылды.