Өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 23ү соңку бир сутка ичинде көз жумду. Бул тууралуу 3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда стационарларда өпкөсүнөн кагынып ооруган (пневмония) 1724 бейтап жатат, 337синин абалы оор. Оор абалдагылардын 112си реанимацияда.
Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 2508 болду, алардын 664ү айыгып кетти, 120сы кайтыш болду.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасынан бир сутка ичинде каза болгондордун саны боюнча эң жогорку көрсөткүч катталды. 3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, кечээтен бери ооруканаларда 10 бейтап кайтыш болду:
Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 58 жаштагы бир аял, Республикалык инфекциялык ооруканада 54 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы бир медициналык аял кызматкер, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 33 жаштагы бир келин, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы бир эркек, Ысык-Ата аймактык ооруканасында 64, 66, 80 жаштагы үч эркек жана 62, 63 жаштагы эки аял.
Ал эми бир сутка ичинде кайыгып, ооруканадан чыгарылгандардын жалпы саны 125 кишини түздү. Алар:
Бишкек шаарында – 44,
Ош шаарында – 42,
Ош облусунда – 15,
Чүй облусунда – 7,
Жалал-Абад облусунда – 7,
Нарын облусунда – 6,
Баткен облусунда – 3,
Талас облусунда – 1.
COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдын 3-июлдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча жалпысынан 2655 бейтап айыкты.
Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны кайрадан көбөйгөнүн Илдеттин жайылышына каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабдын маалыматы көрсөттү.
Маалыматка караганда, 2-июлга карата бир сутка ичинде вирус 6760 кишиден аныкталды. Илдет жугузуп алган 147 киши каза болду. 6 047 бейтап айыгып чыкты.
Муну менен Орусияда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 661 165 кишини түздү. Эки күн мурда ооругандардын көрсөткүчү азайганы маалымдалган.
Эпидемия башталгандан бери Орусияда жалпы 9 683 адам вирустун курмандыгы болду. Эксперттер расмий статистикада өлүмдүн саны азайтылып көрсөтүлүп жатканын айтып келишет.
Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 230 адам. Чүй облусунда - 151, Ош шаарында 36, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 21, Баткен облусунда 19, Ош облусунда 14, Нарын облусунда тогуз жана Талас облусунда бир адам.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 6767 адамга жетти.
- Бишкек шаарында – 2833
- Чүй облусунда – 1429
- Ош облусунда – 509
- Ош шаарында - 711
- Жалал-Абад облусунда – 408
- Нарын облусунда – 506
- Баткен облусунда – 127
- Ысык-Көл облусунда – 164
- Талас облусунда - 80 киши.
Алардын 994ү медкызматкерлер, 484ү айыкты.
10 адам кайтыш болду. 3-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 76 кишиге жетти.
Үй шартындагы изоляцияда 3398 адам бар. 2 655 адам айыкты. Стационарда 638 адам бар, 99 адамдын оор абалда, 19 адам реанимацияда.