Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

22:15 3.7.2020

Өзбекстан Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бул жүк жана башка дары-дармектерди жүктөгөн учак Ташкенттен Бишкекти көздөй учуп чыкты:

“Бул жардам Кыргызстанга керек учурда жөнөтүлүп жатат. Азыр Бишкекке бир сааттан кийин учак барып конот. Эки элдин достугунун белгиси. Эки өлкө ортосундагы ынтымак болгон сайын бекемделип жатат”.

Элчи Жунусов коңшу өлкөнүн бийлиги буга чейин да бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөткөнүн кошумчалады.

3-июлда Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому дагы Кытай кызыл чырым уюмунун колдоосу менен Токмоктогу аймактык ооруканага SV300 Biomedical Electronics моделиндеги эки ИВЛ аппаратын алып бергенин кабарлады.

20:27 3.7.2020

10-июлдан тартып 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намаз жамаат менен убактылуу окулбайт. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Мындай чечимди Жарандык коргонуу штабы вирусологдордун жана шаар казысынын катышуусунда талкуулагандан кийин кабыл алды.

«Шаардык казыят кандай чечим кабыл алынса да шаардыктардын саламаттыгы үчүн аны аткарууга даяр экенин билдирди. Чынында адам көп чогулуп жатат. Элдин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алууга туура келүудө», - деди Абсаттаров.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 8-июндан тартып мечиттердин ишин жандандырышына уруксат берген.

Ага чейин пандемиядан улам 22-марттан тартып Кыргызстанда мечиттерде жума намаз окууга жана жамаат болуп чогулууга тыюу салынган.

Мурдараак Баткен облустук жана Жалал-Абад шаардык бийлик органдары да коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу жума намазды мечиттерде чогулуп окууну убактылуу чектегенин кабарлаган.

20:26 3.7.2020

Чыгыш-Казакстан облусундагы Өскемен (Усть-Каменогорск) жана Семей шаарлары 5-июлдан тарта карантинге жабылат. Бул тууралуу аймактын акими Даниал Ахметов билдирди. Анын айтымында, бийлик аталган шаарларда коронавирус илдетинин жайылышын басаңдатууга аракет көрүп жатат. Ушу тушта облуста COVID-19 илдети жуккан 710 адам аныкталган, алардын басымдуу бөлүгү өткөн айдын аягында катталган.

Казак бийлиги өлкөдө 5-июлдан тарта эки апталык катаал карантин чараларын кайрадан киргизип жатат. Премьер-министр Аскар Мамин жагдайга жараша мындай чаралар дагы катаалдашы же мөөнөтү узартылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Президент Касым-Жоомарт Токаев май айында карантин эрежелери жумшаргандан бери өлкөдө ооругандардын саны жети эсеге өскөнүн айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Казакстанда коронавирус менен ооругандар 44 миңден ашты, бул илдеттен 200дөй бейтап көз жумду.

17:00 3.7.2020

Жээнбеков: Пандемия медицинадагы көйгөйлөрдү көрсөттү

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен кыйынчылыктарды ачыкка чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тараткан кайрылуусунда айтты.

Президент азыркы кыйын учурдун негизги жүгүн дарыгерлер көтөрүп жатканын, алардын арасында милдетин аткарып жүрүп каза болгондор бар экенин, медицина өкүлдөрүнүн эмгеги жогорку баага татыктуу экенин белгиледи.

Жээнбеков дарыгерлердин макамын жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин, аларды колдоо жана коргоо иши улантыларын кошумчалады.

«Тармактагы кыйынчылыктарды жоюп, башкарууну жолго коебуз. Болбосо улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз», - деди ал.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды «татаал бойдон калууда» деп баалады.

Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунгандарга алкыш айтып, «баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам» деди.

Ошону менен катар президент «бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил» экенин белгилеп, «ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди «эл душманы» деп ачык айтарын» билдирди.

Ал дары-дармекти, беткаптарды, жеке коргонуу каражаттарын кымбаттаткандар жазасыз калбай турганын кошумчалады.

Кийинки күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG