Кыргызстанда коронавирус болгон же өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан бейтаптарга кошумча орун үчүн менчик жайларын убактылуу берүүгө даяр ишкерлерден, активисттерден сунуштар уланууда.
Ош шаарынын тургуну Жаныбек Ажимаматов 6-июлдан тартып «Классик» мейманканасын пневмонияга кабылгандар үчүн убактылуу госпиталь катары пайдаланууга берип жатканын шаардын мэриясы 3-июлда кабарлады.
Ага чейин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков 300 орундуу “Карагат” тойканасын ковидге каршы күрөшкө бошотуп берүүгө даяр экенин билдирген.
Жаш ишкер Нурсултан Кубанов “Бизде Бишкекте беш окуу борборубуз бар, алардын эң чоңун коронавирус илдети менен күрөшүп бүткөнчө берип турууга даярбыз” деп жарыялаган.
Бишкектик ишкер айым Бурул Кушбек үй-бүлөлүк мейманканасын убактылуу пайдаланууга берүүгө даяр экенин социалдык түйүндөргө жазган.
Мындай жардамдан өкмөт баш тартпай турганын, болгону ал жактын шарты боюнча талаптар болушу ыктымалдыгын “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:
“Баш тартпайбыз. Балким, медицина кызматкерлери үчүн обсерватор катары колдонобузбу, балким биринчи медициналык жардам көрсөтүлө турган бейтаптарды жаткырабызбы, албетте, ар бир жардамды кабыл алабыз!”
Кыргызстанда коронавирус жуккандар соңку күндөрү көбөйүп жатат. Орун жетпегендиктен инфекциялык илдетти дарылоого тиешеси жок ооруканаларда да кошумча жайлар ачылууда.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бир айлык эмгек акысын дарыгерлерге жардам иретинде которгон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 11 миллион адамга жакындады
Бул илдеттен көз жумгандар 520 миңден ашты. Бейшембиде 90дон ашуун өлкөнүн илимпоздорунун башын бириктирген жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчисинин орун басары да расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын белгиледи.
Сумия Сваминатан коронавирус таралуусун талдаган изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып: «Чынында ооруп калгандар же мүмкүнчүлүгү барлар гана тесттен өтүп жатышат. Калктын канчасында антителолор бар экенин текшериш үчүн вирус чыкпаган аймактарда бул изилдөөлөрдү жүргүзгөндө, инфекцияга кабылган адамдар диагнозу аныкталгандардан көп учурда 10 эседей көп экени айкын болду», - деди.
Коронавирус эң ыкчам жайылып жаткандардын сап башында дагы эле АКШ турат. Кошмо Штаттарда оору жуккан учур барган сайын көбөйүп, акыркы суткада эле илдетке кабылгандар 55 миңден ашты. Бул жарым ай мурдагы бир күндүк көрсөткүчтөн эки эсе жогору.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова “Тез жардам” автоунаасын түртүп бараткан медицина кызматкерлери тартылган видеого 3-июлдагы онлайн брифингде комментарий берип жатып сүйлөй албай мукактанып, жашыды.
Бул үчүн ал көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, медицина кызматкерлери азыр күнү-түнү иштөөгө мажбур экенин, техникалык мүчүлүштүктөр болбой койбосун белгиледи:
“Дарыгерлер бейтапты сактап калуу үчүн бардык аракетин көрүп жатышат. Күнү-түнү иштеп жатышат. Андай учурлар жок эмес. Техника деген техника, жолдо баратып бузулуп калышы мүмкүн”.
Социалдык түйүндөрдө соңку күндөрү атайын коргонуучу кийим кийген эки аял жолдо баратып жүрбөй калган “Тез жардам” автоунаасын артынан түртүп жатканы тартылган видео тарап, бул үчүн колдонуучулар бийликти сындап жатышат.
Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлер улам көбөйүп баратат.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 3-июлда дарыгерлердин абалы тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди.
Ноокатта жана Бишкекте бирден медайым, профессор, медицина илимдеринин доктору Исхар Фунлоэр, баш калаадагы «Веданта» менчик клиникасынын башкы дарыгери, мурда №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеген Мурат Жумабеков коронавирустун курмандыгы болду.
Буга чейин Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда каза болгон. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, Альберт Исмаилов 2-июнда жана 30-июнда 70 жаш курагында Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова көз жумган.
Соңку бир суткада COVID-19 дагы 73 медицина кызматкеринен табылды.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты.
Акыркы суткада коронавирус илдетинен Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы тургуну каза болду. Бул илдетке байланыштуу Баткен облусунда катталган алгачкы жоготуу болду. Акыркы суткада аймактын 19 тургунунан илдет жаңы аныкталды.
Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү коронавирус эпидемиясына байланышкан акыркы жагдайды эске алып, айрым чектөөлөрдү киргизгендигин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы 3-июлда "Азаттыкка" билдирди.
Ага ылайык жума намаздарды мечиттерде жамаат менен окууга, маараке, нике жана башка тойлорду өткөрүүгө, куран окутууга убактылуу тыюу салынды. Санитардык эрежелерди сактабаган жалпы тамактануучу жайлар, ашканалар, ресторандар, дүкөндөр жабыла турган болду.
Чечимде айдоочулар санитардык эрежелерге баш ийбеген шартта жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт бир тараптуу токтотулары, коомдук жайлардын жана транспорттордун белгиленген иштөө мөөнөтүнөн ашык иштешине тыюу салынары белгиленди.
Акыркы суткада облуста жаңы аныкталган 19 бейтаптын алтоо Лейлек районунан, бешөө Баткен шаарынан, үчөө Кызыл-Кыя шаарынан, үчөө Кадамжай районунан, экөө Сүлүктү шаарынан. Март айынан бери бул илдетке облуста 127 киши чалдыкты.