Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:46 7.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан жети, пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу 7-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун экөө медицина кызматкери.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 450 адамга коюлду, дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224кө жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

22:52 6.7.2020

Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде дүйнө жүзүндө дагы 212 326 адамдан вирус аныкталган. Пандемия акыркы учурда Латын Америкасында тездик менен жайылууда. Муну менен катар Түштүк Африкада, Индияда жана Жапониянын айрым аймактарында көбүрөөк катталып жатат. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Орусия жана Индия турат.

Кулачын жайган коронавирус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жетип, бир күн ичинде дүйнө жүзүндө дагы 212 326 адамдан вирус аныкталганын кабарлады. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 28-июнга туура келген. Анда 189 миңден ашык адамдан вирус аныкталган болчу.

Ошентип, 5-июлга карата COVID-19 илдети менен ооругандардын жалпы саны дүйнөдө 11 миллион 200 миңдей кишиге жетти. Ал эми илдеттен өлгөндөрдүн саны 523 миңден ашты.

Маселен, акыркы суткада Индияда COVID-19 дагы 24 850 адамдан табылып, 600дөн ашык киши көз жумду. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки Индиядагы эң чоң суткалык көрсөткүч. Дүйнөдө илдет жуккандардын саны боюнча төртүнчү орунда болуп жаткан Индияда азыркы маалда 675 миңдей адамдан вирус аныкталса, анын 19 миңи каза тапкан. Оору күчөп жатканына байланыштуу Индияда дүйнөдөгү эң чоң убактылуу оорукана ачылды. Нью-Делиде курулган оорукана 10 миң кишиге ылайыкталган.

Индиядагы мейманкана.
Индиядагы мейманкана.


Илдет тездик менен тарап жатканына карабастан жекшембиден тартып Индия Таж-Махал жана башка тарыхый жайларды беткап кийип, аралыкты сактап кыдырууга уруксат берди.

Туристтик компаниянын башчысы Шамшудин Хан буларга токтолду:

"Бул биздин жетекчилик үчүн абдан жакшы жаңылык болду. Бир канча айдан бери жабык турган ишибиз эми кайра башталат. Бул туристтик тармактын өнүгүшүнө түрткү болот".

Ирандык аялдар
Ирандык аялдар


Иранда да коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир күндө өлгөн адамдардын эң чоң көрсөткүчү катталды. 5-июлдагы маалыматка караганда, акыркы бир суткада 162 адам көз жумган. Буга чейин 29-июнь күнү 162 адам каза тапкан көрсөткүч эң жогорку деп катталган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир суткада илдетти жуктуруп алган 2560 учур аныкталганын маалымдады.

Иранда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 240 438ге жетти, анын ичинен 11 571 адам көз жумду.

Иран коронавирус пандемиясына байланыштуу апрелде киргизилген чектөөлөрдү жумшарткандан бери илдетке кабылгандардын саны өсүүдө. 4-июлда президент Хасан Роухани беткап тагынбагандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүлбөй турганын эскертти.

Соодагер Самад Рустами Иранда илдет күчөп баратканына бушайман:

"Эгер ушул бойдон улана турган болсо, биздин ооруканалар толуп, ал эми бейтаптар көчөдө жатып калат. Биз катастрофага жакындап келе жатабыз".


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматына караганда, илдет жуккандардын жарымы, атап айтканда 5,5 миллиондон ашык киши дүйнө мамлекеттеринин ичинен бул вирустан көбүрөөк жабыркаган аймак - Түндүк жана Түштүк Америкага туура келет. Кошмо Штаттарда ооругандардын саны 2,8 миллиондон ашса, өлгөндөр 130 миңге жакындаган. Бразилияда 1,49 миллион ооруп, анын 64 миңи көз жумду. Ал эми Орусияда расмий 680 миңдей кишиге илдет жугуп, 5-июлга карата каза болгондордун саны 10 161ге жетти. Европада илдеттен 2,7 миллион адам жабыркаган.

Ал арада эпидемиологиялык абал турукташкан Британияда ишембиден тарта чач тарач, музей, ресторан, кинотеатрлар ишин жанданта баштады. Үч айдан ашык убакыттан бери карантинде отурган англиялыктар чач тарачта узун кезекте турганын көрүүгө болот.

Германия
Германия


Карантинден чыккан Европа мамлекеттери экономиканын ыргагын калыбына келтирүү аракеттерин көрүүдө. Туризмди жандандыруу максатында эл аралык аба каттамдарын калыбына келтирип жаткан Германия айрым аба бекеттерде ыкчам тест жүргүзүүнү баштады. Тесттин баасы бир адам үчүн 190 евро жана анын жыйынтыгы 3-4 саатта белгилүү болот.

Ал эми Жапонияда акыркы бир суткада 114 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул төртүнчү күн катары менен илдет жуктуруп алгандардын саны 100дөн көп болуп жатат дегенди билдирет.

Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан менен Кыргызстанда май айында карантин алынгандан тартып коронавирус күчөп кетти. Эки өлкөдө тең июнь айынын башынан бери эле COVID-19га чалдыккандардын расмий саны кеминде төрт эсе көбөйдү.

11:23 6.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын 18и каза болду. Бул тууралуу 6-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын ону Бишкекте, сегизи аймактарда көз жумду.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдеттен 195 бейтап кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, ушу тапта аймактардагы ооруканаларда пневмония деген диагноз менен 756 бейтап жатат, алардын 184үнүн абалы оор. Абалы оорлордун сегизи реанимацияда.

Ал эми Бишкектеги ооруканаларда 1573 бейтап пневмония болуп жатат. Алардын 368инин абалы оор, 146сыныкы өтө оор.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ал эми Бишкектин "Тез жардам" кызматы адатта жылдын бул мезгилинде "суткасына ашып кетсе үч бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылчу" деген маалымат тараткан.

17:46 5.7.2020

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жеткенин кабарлады. Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде дүйнө жүзүндө 212 326 адамдан вирус аныкталган. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия турат. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 28-июнга туура келген. Анда 189 миңден ашык адамдан вирус аныкталган болчу.

Ал эми акыркы 24 саатта беш миңдей адам пандемиядан улам каза болду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирусту 11 миллион 200 миңдей киши жугузуп алды. Анын ичинен 530 миңден ашык бейтап ажал тапты. Пандемия акыркы учурда Латын Америкасында тездик менен жайылууда. Муну менен катар Түштүк Африкада, Индияда жана Жапониянын айрым аймактарында көбүрөөк катталып жатат.

4-июлда Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 10 миңден ашты.

Ал эми абал турукташкан Британияда ишембиден тарта чач тарач, музей, ресторан, кинотеатрлар ишин жандантты. Өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон британиялыктарды санитардык эрежелерди унутпоого чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG