5-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 283 адам жаңы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Муну менен өлкө боюнча СOVID-19 вирусун жугузгандар жалпы 7377 адамды түзүүдө. Ал эми сутка ичинде 88 адам ооруканадан чыгарылды. Азыркы күнгө карата 2802 адам коронавирусту жеңди.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада вирус аныкталган адамдар эң көп Бишкек шаарында катталып, 162 адамды түздү. Чүй облусунда 31, Ош шаарында 27, Ош облусунда 13, Нарын облусунда 18, Баткен облусунда 13 жана Ысык-Көл облусунда 19 адамдан вирус табылды.
Коронавирус дагы 32 медициналык кызматкерге жукканы белгилүү болду.
Бишкектин мэри Азис Суракматов өпкө оорусу күчөгөнүнө байланыштуу ИВЛ жана кычкылтек концентраторлору тартыш болуп жатканын билдирди.
Ал учурдагы ишкерлерди кыйын кырдаалда керектүү медициналык жабдыктарды сатып берүүгө чакырды.
“Биз ИВЛ аппараттар жана кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын моюнга алууга мажбурбуз. Ошондуктан, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, меценаттар жана ишкерлерге кайрылам. Адамдын өмүрүн сактоо үчүн керектүү жардамды көрсөтүңүздөр”, - деп билдирди Суракматов.
3-июлда Өзбекстан Бишкекке 100 ИВЛ жөнөткөнү кабарланган.
Мындан тышкары Кызыл жарым ай коому Токмоктогу аймактар аралык ооруканасына эки жасалма дем алдыруучу аппарат алып берген.
4-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы мекендештер Бишкекке 15 кычкылтек концентраторун жөнөттү. Алар медициналык бул жабдыкты өз каражатына сатып алышкан.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын кабарлашынча, 4-июлда өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 31и каза болду.
2122 бейтап өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруканада дарыланууда, анын 496сынын абалы оор, 153ү реанимацияда.
Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 3009 болду, алардын 736сы айыгып чыкты.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Кырдаалга байланыштуу 4-июлда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда дарыгерлерди мобилизациялоо маселеси талкууланды.
Президенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенти ишке, дагы 30 студент "Тез жардам" кызматына тартылганын маалымдаган.
3-июлда Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер тартылды. Алар борбор калаанын медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларына бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылары айтылды.
Кыргызстан дагы эки дарыгеринен айрылды.
Алардын бири - Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков. 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан.
Ал эми медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов пневмония илдетинен көз жумду. 59 жаштагы Муратов Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү болчу.
Ушуну менен Кыргызстан пандемия башталгандан бери жети дарыгерин, эки медайымын жоготту. 18 марттан бери 1065ү медкызматкер ооруп, 490у айыкты.