Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:25 21.7.2020

Кыргызстанда коронавирусту жумушунан жугузган медицина кызматкерлери мамлекеттен кенемте ала элек. Каза болгон дарыгерлердин канчасынын үй-бүлөсүнө материалдык жардам төлөнгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

"Азаттыктын" бул маселе боюнча суроосуна жоопту 21-июлдагы онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова оору жуккан 40 дарыгердин документтери каралып жатканын айтуу менен чектелди:

"Коронавирустан жабыркаган бардык медицина кызматкерлеринин арасынан биринчи 40 адамдын тизмеси облустардан берилген. Илдетти тастыктап, анан төлөп бериш үчүн эпидемиологиялык документ жана атайын акт керек болчу. Ошол эпидемиологиялык корутундулар даярдалбай... Ар бир медициналык кызматкерге өзүнчө даярдалып берилиши керек экен. Облустар баарын таблицага салып даярдап беришкен. Ошондуктан ар бир медкызматкер боюнча өзүнчө даярдоо тапшырмасы берилген".

Оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөө тууралуу чечим өкмөттө май айынын башында кабыл алынган.

41 дарыгерге кенемте төлөнгөнү жатканы бир ай мурда айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде, иштеп жатып вирустан каза болгон дарыгерлердин саны тогузга жетти. Журналисттердин эсептөөсүндө, бул көрсөткүч кыйла жогору.

21-июлга карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 2 428ге жетти, алардын 624ү айыгып чыккан.

10:34 21.7.2020

21-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кайтыш болгондордун тогузу Бишкекте. Ош жана Ысык-Көл облустарында жетиден, Жалал-Абад облусунда беш, Талас жана Нарын облустарында төрттөн, Чүй облусунда үч, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир адам.

Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 667 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 28 251 адамга жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты, 1 079у каза тапты.

Азыркы тапта ооруканаларда коронавирус болгон 12 563 бейтап дарыланып жатат.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

11:53 20.7.2020

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү төмөндөп, жакшы тенденция байкала баштады. Бул тууралуу 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди:

“Кудайга шүгүр, акыркы күндөрү өлүмдүн көрсөткүчүндөгү тенденция жакшы жакка бурулуп жатат. Өлүмдүн көрсөткүчү – акыркы суткада тастыкталган COVID-19дан эки эле адам (бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында), ал эми лабораториялык жактан тастыкталбаган COVID-19дан 32 адам көз жумду. Эпидемия башталгандан берки жалпы көрсөткүч 1037 адам болду. Бүгүнкү күндө стационарларда 13 201 адам дарыланып жатат. Алардын арасында реанимациядан которулгандар да бар. Тенденцияны көзөмөлдө кармап жатабыз”.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

Соңку бир суткада ооруканаларда коронавирустан жалпысынан 34 адам көз жумду.

Буга чейин бул илдеттен каза тапкандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 15-июлда катталып, 84 адамды түзгөн.

11:49 20.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 34 адам каза тапты. Бул тууралуу 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

34 маркумдун 20сы - Бишкекте. Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн, Нарында үч, Чүйдө эки жана Ош шаарында бир бейтап каза болду.

Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 611 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 781 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып, денеси ысып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирүүдө.

Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын буга чейин бөлүп карап келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG