Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:10 22.7.2020

Кыргызстан эпидемия шартында иштей ала турган атайын дарыгерлерди мамлекеттин эсебинен көбүрөөк даярдоого көңүл бурат. Бул тууралуу 22-июлда президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр Исаков азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге кээ бир багыттар боюнча клиникалык ординаторлорду бюджеттик квотанын незизде даярдоо маселеси талкууланып жатат. Эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана пульмонолог адистиктерине негизги көңүл бурулары айтылды.

Жолугушууда аралыктан жыйынтыкталган окуу жылы жана ушундай эле тартипте башталганы жаткан жаңы окуу жылына карата даярдык да талкууланды.

Министр быйыл жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгү толугу бойдон онлайн форматта жүргүзүлүп жатканын, август айынан тартып мугалимдерди аралыктан иштөөгө үйрөтө турган вебинарлар өтө баштарын айтып берди.

10:38 22.7.2020

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 44 адам каза тапты. Бул тууралуу 22-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте – 16 адам. Мындан тышкары Чүй жана Жалал-Абад облустарында жетиден адам, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында жана Ош облусунда үчтөн, Талас облусунда эки жана Нарын, Баткен облустарында бирден адам.

Бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза тапты.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

16:48 21.7.2020

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин "Азаттык" радиосуна активист Эркин Рыскулбеков айтып берди:

"Кесиптешибиз Венера Жуматаеванын "Фейсбуктагы" баракчама "Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Аза күтүү күнүн жарыялоо керек" деп жазган сунушун президентке айттым. Президент жакынкы күндөрү жарыяланарын айтып, сөз берди".

21-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Рыскулбеков суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу эки сааттан ашык убакыт созулганын, ага 12 ыктыярчы катышканын айтты.

(Толугу менен бул жерден окуңуз)

16:24 21.7.2020

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарында COVID-19 кеңири жайыла баштаганын ырастады. Ал соңку абалдан улам 21-июлдан тартып Ак үйдүн коронавируска байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобунун күнүмдүк брифинги жанданарын билдирди.

Бул жумушчу топ март-апрель айларында коронавирус пандемиясына байланыштуу күн сайын брифинг уюштуруп турган. Трамп айрым бир учурда "коомчулукту адаштырган же туура эмес маалымат берет" деген мазмундгы сынга кабылгандан кийин бул иш-чараны токтотуп койгон.

АКШда президенттик шайлоого үч ай калды жана соңку сурамжылоолорго ылайык бийликтин пандемия маалындагы иш-аракеттеринен улам Трамптын рейтинги төмөндөп жатат.

Флоридада соңку бир күндө коронавирус дагы 10 миң адамдан аныкталды, бул штатта акыркы бир аптага жакын убактан бери ушундай көрсөткүч сакталып турат. Калифорниянын бийлиги ооруканага түшкөн бейтаптар көбөйгөнүн билдирди.

АКШда коронавирус 3,7 миллионго чукул адамга жугуп, оорудан 140 миңден көп бейтап көз жумду.

Дүйнө жүзүндө илдетке кабылгандар 14,6 миллион адамдан ашты жана көз жумгандар 600 миңден ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG