Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:08 25.7.2020

Казакстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1740 кишиден коронавирус табылды. Анын ичинен вирус жуктургандардын эң көбү Нур-Султан калаасында - 251, Алматы шаарында 220 киши катталды.

Ушуну менен расмий маалымат боюнча, Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 80 226 адамды түздү. Коңшу мамлекет бул көрсөткүч менен карантин чараларын киргизбеген Швецияны ашып өттү.

Казакстан коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдын кийинки эле 27-тизмеде турат.

Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун статистикасын бир жумада бир жолу жаңыртып турат. coronavirus2020.kz деген расмий сайттагы маалыматка караганда, Казакстанда COVID-19 илдетинен 585 киши өлдү.

Министрлик ушул жумада адам курмандыктарынын саны 610го жеткенин кабарлады. Коронавирус аныкталып каза болгон дагы 319 киши тизмеге кошулган жок. Бул алар башка оору менен да жабыркап жүргөнү менен түшүндүрүлдү.

Кыргызстандын коңшуларында коронавирустун тарашы боюнча Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы.

  • Казакстан – 80 226 (каза болгондор – 585)
  • Өзбекстан – 19 653 (каза болгондор – 107)
  • Тажикстан – 7 104 (каза болгондор – 58)
12:43 25.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 38 бейтап каза болду. Бул тууралуу 25-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Бишкекте - 13, Чүй, Талас, Баткен облустарында бештен киши. Ош облусунда үч адам, Жалал-Абад менен Ысык-Көл облусунда жана Ош шаарында экиден адам өлдү. Нарында бир киши каза болду.

Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 877 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 165 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

11:44 25.7.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 15 млн. 736 миӊ 813 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 639 миӊ 653 адам каза болду.

  • АКШ – 4 112 529 (каза тапкандар – 145 546)
  • Бразилия – 2 287 475 (каза тапкандар – 85 238)
  • Индия – 1 337 024 (каза тапкандар – 31 358)
  • Орусия – 799 499 (каза тапкандар – 13 026)
  • Түштүк Африка Республикасы – 421 996 (каза тапкандар – 6 343)
  • Мексика – 378 285 (каза тапкандар – 42 645)
  • Перу – 375 961 (каза тапкандар – 17 843)
  • Чили – 341 304 (каза тапкандар – 8 349)
  • Улуу Британия – 299 500 (каза тапкандар – 45 762)
  • Иран – 286 523 (каза тапкандар – 15 289)
23:44 24.7.2020

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Орусиядан келген 70 медицина кызматкери коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлерге жардам берүүдө.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги 20 аскердик медиктен турган алты бригаданы бир айлык мөөнөткө жөнөткөн. 24-июлдан тартып төрт бригада Бишкектеги, экөө Ош шаарындагы аскердик госпиталдарда ишке киришти. Алар коронавируска чалдыккан аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүшөт.

(Толук маалымат менен бул жерден тааныша аласыз).

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG