Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы 11 райондун акими жана тиешелүү мекемелердин башчылары коронавирус пандемиясына начар даярдык көрүлгөнүнө байланыштуу жарандардын кечирим сурашты. Алар атайын видео кайрылуу таратып, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да айтып беришти. Ага ылайык, ар бир райондо бейтапканалардан сырткары керектүү медициналык жабуудар менен камсыздалган COVID-19 борборлору ачылат жана бери дегенде үч айга жетчүдөй дары-дармек, азык-түлүк камдалат.
Акимдер кечирим сураган кайрылуусунда жарандар менен түз байланышта болуу үчүн өздөрүнүн жана тиешелүү мекеме-уюмдардын телефон номурларын калтырышты.
Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев коронавирусту басаңдатууга жетиштүү аракет көрүлбөгөндүктөн жана эпидемиологиялык абалдын начарлап кеткенинен улам бир катар жооптуу кызматкерлерди жемелеген жана саламаттык сактоо министри менен Ташкент облусунун акимине сөгүш берген.
Өзбекстан 10-июлдан тартып 1-августка чейин кайрадан карантин киргизген. Жума күнү өкмөттүн жыйынында президент Шавкат Миризёев карантиндин мөөнөтүн дагы узартууга макул болду, азырынча эми канчага чейин узарары белгисиз.
Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска кабылгандар 19 600дөн ашып, 106 бейтап каза тапты.
Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу 30-июлда өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» берген маегинде айтты.
«30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү жарлык чыгат, буйруса», - деди өлкө башчы.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 25-июлга чейин COVID-19 илдети 32 124 адамга жукту, алардын 19 203ү айыгып чыкты, 1 249у каза болду. Алардын арасында өлкөнүн ар кыл тармактарынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон көптөгөн инсандар, дарыгерлер бар.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Бишкек жана Ош шаарларында жүз орундуу жаңы оорукана куруларын маалымдаган.
25-июлда Бишкекте 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Объект Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат. Курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда.
25-июлга карата COVID-19 катталган учурлар 32 124 (+877)
U07.1 1569 + бир сутка ичинде 191
U07.2 16 465 + бир сутка ичинде 686
- Бишкек 14 517
- Чүй облусу 4406
- Ош облусу 2720
- Жалал-Абад 2443
- Ош шаары 2344
- Ысык-Көл 2072
- Баткен 1324
- Талас 944
Жалпы каза болгондордун саны 1249
U07.1 231 + бир сутка ичинде 6
U07.2 1018 + бир сутка ичинде 32
Айыккандардын саны 19203 (+1165)
Бир сутка ичинде 53 медициналык кызматкерден коронавирус табылды.
Алардын ичинен эң көбү Ош облусунда – 16 дарыгер. Баткен облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда беш, Ысык-Көлдө эки жана Жалал-Абад, Талас облусунда бирден дарыгерлер.
Бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан, мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 633 учур катталды, алардын ичинен 1 305 медкызматкер айыкты.
Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустан 30га чукул медициналык кызматкер каза болду. Журналисттердин эсептөөсүндө, алардын саны 50дөн ашты.