Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

22:10 24.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 24-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2238 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1147 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 661 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 156 152 адамга жетти. Андан 133 444 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4143 адам ооруканада дарыланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 28 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 295 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 533ү сакайды.

20:00 23.7.2021

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү

Коронавируска каршы эмделген лидерлер

Садыр Жапаров элге кайрылып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты. Кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
1/8 Садыр Жапаров элге кайрылып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты. Кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев “вирустун жаңы штаммдары чыгып жаткан учурда вакцина алуу өтө маанилүү” экенин айткан.
2/8 Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев “вирустун жаңы штаммдары чыгып жаткан учурда вакцина алуу өтө маанилүү” экенин айткан.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
АКШ президенти Жо Байден өткөн жылдын соңунда Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцина менен эмделген. "Кимге эмдөө сунушталса, анда алар дагы менин артымдан келүүгө даяр болушу керек”, - деген ал.
3/8 АКШ президенти Жо Байден өткөн жылдын соңунда Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцина менен эмделген. "Кимге эмдөө сунушталса, анда алар дагы менин артымдан келүүгө даяр болушу керек”, - деген ал.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис Moderna компаниясынын вакцинасын алууну туура көргөн.
4/8 АКШнын вице-президенти Камала Харрис Moderna компаниясынын вакцинасын алууну туура көргөн.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Британ премьери Борис Жонсон AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.
5/8 Британ премьери Борис Жонсон AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили AstraZeneca иштеп чыккан вакцина менен эмделгени кабарланган.
6/8 Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили AstraZeneca иштеп чыккан вакцина менен эмделгени кабарланган.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы Sputnik-V вакцинасын алганын чоң маалымат жыйынында билдирген. Бирок анын вакцина алып жаткан учурда тартылган сүрөтү расмий жарыяланган эмес.
7/8 Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы Sputnik-V вакцинасын алганын чоң маалымат жыйынында билдирген. Бирок анын вакцина алып жаткан учурда тартылган сүрөтү расмий жарыяланган эмес.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жубайы Софи Грегуар менен бирге Astra Zeneca вакцинасын алган.
8/8 Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жубайы Софи Грегуар менен бирге Astra Zeneca вакцинасын алган.
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.
Артка
Алдыга

19:59 23.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 23-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 127 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 678 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 229 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 243 бейтаптын абалы өтө оор, 1 186 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 28 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 295 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 533ү сакайды.

19:58 23.7.2021

Казакстанда соңку суткада коронавирус инфекциясынын жаңы 6 119 учуру лабораториялык жактан тастыкталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG