Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

COVID-19: Казакстанда бир суткада 6 миңден ашык кишиден жаңы аныкталды


Казакстан. Алматы.
Казакстан. Алматы.

Казакстанда соңку суткада коронавирус инфекциясынын жаңы 6 119 учуру лабораториялык жактан тастыкталды.

Бул Казакстанда пандемия башталгандан берки эң көп көрсөткүч болду. Өткөн аптада коронавирус илдетинин суткалык өсүүсү күн сайын беш миң кишинин тегерегинде болгон.

Ошентип, көпчүлүк бир кыйла төмөндөтүлгөн деп эсептеген статистикалык эсеп боюнча Казакстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 2020-жылдын март айынан бери 516 117ге жетти.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус илдетинин кеңири жайылышы өлкөдө анын жугуштуу дельта-вариантынын аныкталышынан улам күчөгөнүн белгиледи.

Илдет негизинен баш калаа Нур-Султан менен Алматы шаарында көп катталып жатканы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG