Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Аба ырайы: күн ченемден тышкары ысыйт


Бишкек.
Бишкек.

Шашылыш билдирүү: 24-27-июль күндөрү аба ырайы ченемден тыш ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°, Талас облусунун өрөөнүндө 37…39° чейин болот.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 33…38;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүз 37…39 градуска чейин ысыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG