Кыргызстанда коронавирустан бир күндө 474 адам сакайды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 15-ноябрдагы маалыматына караганда, оорудан айыккандардын жалпы саны марттан бери 57 321 кишини түздү.
Ушул күндөрү ооруканада 3 318 адам жатат. Алардын ичинен 55 (1,6%) бейтаптын абалы канаттандырарлык, 2 148 кишиники (64,7%) орто оор, 987 (29,7%) оор абалда, 128 (3,8%) адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Дагы 3 972 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 22 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен беш медкызматкерге вирус кызыл зонада жуккан:
Баткен облусунда – 4 (экөө кызыл зонада);
Бишкек шаарында – 3 (экөө кызыл зонада);
Чүй облусунда – 5 (бирөө кызыл зонада);
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 6.
Ал эми бир суткада жети медкызматкер үй карантинден айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 715 учур катталды, алардын ичинен 3 490 дарыгер сакайды.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1 199 кишиге жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 66 504, илдеттен 57 321 адам айыкты.
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова коронавирустан кайтыш болду. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна мекеменин жетекчиси Эрнис Тилеков тастыктады. Анын айтымында, Байзакова коронавирус жугузуп алып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан дарыгер 16-ноябрга караган түнү көз жумду.
62 жаштагы Дамира Байзакова мурда бир нече жыл балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеп иштеген.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда бул вирус жуккандарын жалпы саны 66 983 кишиге жетти, алардын 3735и дарыгерлер. Соңку күндө бул оору 20 дарыгерден табылды.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1207 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 486 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (143) жана Чүй (137) облусунда.
Оору жуккандардын жалпы саны 67 469 кишиге жетти.
Бир күндө 555 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3138 адам жатат, дагы 4100 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3750 адамга жетти, алардын 3505и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 15 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.