Кыргызстанда COVID-19 вирусу эң көп жайылган аймак Ош шаары болуп турат. Бул тууралуу 17-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өткөн аптанын көрсөткүчтөрүнө таянып кабарлады.
Элдин санына эсептегенде Ошто 100 миң кишинин 102си коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бишкекте бул көрсөткүч 84 адамды, Ысык-Көл облусунда дээрлик 82 адамды түзүүдө.
Бир апта ичинде 19 604 адам коронавируска тест тапшырган, алардын 12,5% боюнча оору тастыкталган.
Коронавирус жалпысынан 67 469 кыргызстандыкка жукту, алардын арасынан 1207 адам каза болду. Азыр ооруканада 3138 адам, үйдө 4100 бейтап дарыланууда.
Кыргызстанда коронавирус жуккан дарыгерлердин 479уна 200 миң сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу 17-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, кенемте министрликтин атайын комиссиясынын чечимине ылайык төлөнүп берилүүдө.
Коронавирусту жумушунан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 29унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү.
17-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 67 469 кишиге жукту, алардын 1207си каза болду.
Оору жуккандардын арасынан 3750сү медицина кызматкери. Алардын 3505и айыгып чыкты. Каза болгон дарыгерлердин саны 80ден ашты.
Кыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор былтыркыга салыштырганда 2,5 эсе көп. Улуттук статистика комитети 17-ноябрда тогуз айдын жыйынтыгы тууралуу тараткан маалыматка караганада, быйыл сентябрь айына чейин бул ооруга чалдыккан 26 миң адам катталды, былтыр 24 миң болгон.
Былтыр пневмониядан каза болгондор январь-сентябрь айларында 444 адамга жетип, бул көрсөткүч өпкө ооруларынын арасында 33% түзсө, быйыл 1112 бейтап каза болуп, 54% жетти.
Статистика комитети элдин санына эсептегенде былтыр сентябрга чейин 100 миң адамдын тогузу өпкөсүнөн кагынып көз жумса, быйыл 23 болуп, былтыркыга салыштырганда 2,5 эсе көп катталганын билдирди.
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйыл июль айында пневмонияны COVID-19дун бир түрү катары каттоого ала баштаган.
Жалпысынан март айынан бери коронавирус 67 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 1200дөн ашууну көз жумду.
Кыргызстанда коронавирустан дарыланып ооруканада жаткан 3136 бейтаптын арасынан 52синин гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат.
18-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, 897 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 28% түзүүдө.
Бейтаптардын 3,6% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 113 адам.
Мындан тышкары 2074 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66% барабар.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 68 миңге чамалады. Алардын 1212си көз жумду.