27-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1256 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 377 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (127), Бишкек шаарында (100).
Оору жуккандардын жалпы саны 71 548 кишиге жетти.
Бир күндө 402 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2875 адам жатат, дагы 3698 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3865 адамга жетти, алардын 3576сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 7 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 130
- Ош - 16
- Чүй облусу – 102
- Ош облусу - 35
- Талас облусу - 17
- Нарын облусу - 11
- Ысык-Көл облусу – 33
- Жалал-Абад облусу – 50
- Баткен облусу - 29
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 423
Жалпы: 71971
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек – 3
- Нарын облусу – 1
- Чүй облусу – 1
- Ош облусу – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 6
Жалпы: 1262
Кошмо Штаттар жана Батыш Европанын өкмөттөрү "Ыраазылык билдирүү" күнүнөн кийин коронавируска чалдыккандардын жаңы толкунун пайда болушу мүмкүн деп кооптонуп турушат.
26-ноябрда белгиленген бул майрамда алдын ала эскертүүгө карабастан миллиондогон кишилер жакындарын куттуктоо үчүн саякатка чыгышкан.
Мусулмандарда пайгамбар катары каралган, христиандарда кудай саналган Ыйсанын туулган күнүнө карата соода кескин жанданат, жакындардын келим-кетими көбөйөт. Бирок бул майрамга карата Европанын көп өкмөттөрү карантин шарттарын кыйла жеңилдетүүгө белсенүүдө.
Испания, Британия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө соңку учурларда кайра киргизилген кыйла чектөөлөр майнаптуу болгондугу маалымдалды.
Орусияда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп жатканына карабастан, расмий Москва жаңы кырдаалда карантиндик чектөөлөргө барган жок.
Орусияда акыркы эки күндө катары менен жаңы 27 миңден ашуун кишиден коронавирус табылгандыгы, акыркы бир күндө 510 киши кайтыш болгону маалымдалды. Жалпысынан өлкөдө 2 242 633 киши бул илдетке чалдыккан. Өлкөдө “Sputnik-V” аттуу вакцина үчүнчү баскычтагы сынактан натыйжалуу өткөнү тастыкталды.
Ал эми Австралиянын Виктория штатында чектөө киргизилген 2-августтан бери кыйла жылыштар болду. Бул штатта акыркы 28 күндөн бери бир дагы коронавируска кабылуу учуру жана анын айынан өлүм катталган жок. Эми 28-октябрдан бери бул аймакта чектөөлөрдүн бир тобу алынып салынды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, азыркы тапта ооруканаларда 2833 бейтап дарыланууда.
Алардын ичинен 45 бейтаптын абалы канааттандырарлык,калганы өтө оор, орто жана оор абалда. 30-ноябрга карата өтө оор абалда 113, оор абалда 733, орто оордукта 1942 бейтап жатат.
30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Кыргызстан боюнча 380 кишиде жаңы катталды. Алардын басымдуу бөлүгү, 137си баш калаа Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиде вирус чыкты. Оорудан бир күндө 5 адам каза таап, жалпы курмандыктар 1271ге жетти.
Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны үчтөн (18-март) 72 807ге (30-ноябрь) чейин көбөйдү.
Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилгенден бери 17-июлдан тарта ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654, 18-июль – 1264.