Франциянын президенти Эммануэл Макрон коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Елисей сарайы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Макрон инфекциянын белгилери байкалган соң тапшырган тести вирус жугузуп алганын аныктаган. Ал бир аптага обочолонууга кетет. Бирок ал учурда ишин улантарын француз президентинин кеңсеси билдирди.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер коронавирус жугузуп алышкан. Алардын көбү айыгып чыгышты.
Францияда учурда вирусту жайылтпоо үчүн чектөөлөр киргизилген. Бул өлкөдө жалпысынан 2,5 миллиондой адам коронавирусту жугузса, анын 60 миңдейи каза болду.
АКШда коронавирустан улам каза болгондордун саны кайрадан рекорддук чекке жетти. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 16-декабрда өлкөдө 3700дөн ашык адам вирустун кесепетинен көз жумду. Буга чейин бир күндө каза болгондордун саны 2500дүн тегерегинде болуп жаткан. Эксперттер АКШда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатканын карабай жакынкы апталарда каза болгондор көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Шейшембиден тартып АКШнын бардык штаттарындагы медициналык жайларга америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцина жеткириле баштаган. Кошмо Штаттардын COVID-19 илдетине каршы жапырт эмдөө программасынын алкагында алгач 150дөй медкызматкерге вакцина сайылды.
Кошмо Штаттарда жалпысынан 17 миллиондой киши вирус жугузуп алса, 307 миндей адам жарык менен кош айтышты.
Учурда Швеция COVID-19 вирусунун экинчи толкуну күчөп, соңку жумада 500дөй адам каза болду. Ал эми 16-декабрда Германияда 952 адам өмүр менен кош айтышты. Бул соңку учурдагы рекорддук сан болуп калды.
17-декабрда өлкөнүн канцлери Ангела Меркел коронавируска каршы дары өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү менен видео конференция өткөрөрү күтүлүүдө.
Кыргызстанда 18-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, үч киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.
- Баткен облусу - 2
- Ош облусу – 1
Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан соңку бир суткада 395 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 76;
- Чүй облусунда - 67;
- Ысык-Көл облусунда – 44;
- Ош шаарында - 21;
- Жалал-Абад облусунда – 20;
- Нарын облусунда - 14;
- Ош облусунда - 14;
- Баткен облусунда – 4;
- Талас облусунда – 4.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78679 кишиге жукту, алардын ичинен 1324 киши каза болуп, 72 051 бейтап айыкты.
Стационарларда 1773 бейтап дарыланууда. Алардын 82си өтө оор, 483ү оор, 1186сы орто абалда жатат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.
15-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга орундар жана медициналык жабдуулар жетиштүү экенин айткан. (SE)
COVID-19 вирусуна байланыштуу жалпы статитистика жарыяланды. Илдетке каршы республикалык штаб 18-декабрда билдиргендей, оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында, эң азы Нарын облусунда.
18-марттан 18-декабрга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 78 679 кишиге жетти.
- Бишкек шаарында - 26 063;
- Чүй облусунда - 10 872;
- Жалал-Абад облусунда – 9658;
- Ош облусунда - 8093;
- Баткен облусунда – 7037;
- Ысык-Көл облусунда - 6823;
- Ош шаарында - 5455;
- Талас облусунда – 2477;
- Нарын облусунда – 2201.
Ооругандардын арасынан коронавирус диагнозу 41420 адамга, пневмония диагнозу 37259 кишиге коюлган.
Илдеттен 1324 киши жашоо менен кош айтышты. Алардын 402си коронавирустан, 922си пневмониядан көз жумду.
Жалпы ооругандардын ичинен 18-декабрга карата 72051 бейтап айыкты. (SE)