Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:06

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:59 18.12.2020

АКШ өкмөтүнүн эксперттер тобу "Moderna" вакцинасын колдонууну Азык-түлүк жана дары-дармек сапатын текшерүү башкармалыгына сунуштады. Аталган башкармалык коронавируска каршы экинчи вакцинага 18-декабрда уруксат бериши ыктымал.

АКШнын саламаттык сактоо министри Алекс Азар CNBC телеканалындагы маегинде препараттын алгачкы алты миллиондой дозасы даяр экенин билдирди. Бул 3 миллионго жакын адамга жетет.

Кошмо Штаттары жапырт эмдөө программасын 14-декабрда баштаган жана анын алкында вакцина алгач медицина кызматкерлерине сайылып жатат. Анын алдында өкмөт америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцинаны колдонууга уруксат берген.

АКШда коронавирус болгондор 17 миллион адамдан ашып, 311 миңден көп бейтап жан берди. Дүйнө жүзүндө болсо өпкөнү сезгенткен ооруну 75 миллиондой киши жуктуруп алды, оору 1,66 миллион кишинин өмүрүн кыйды.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү оорунун жаңы толкунуна каршы күрөшүп жатат. Бразилия, Германия, Түркия, Орусия жана Индияда оору бир күндө 10 миңдеген адамдан аныкталды. Түштүк Корея болсо коронавирус миңден ашык адамдан катталганын, эң чоң чекке жеткенин билдирди.

Австралиянын айрым штаттарында, аймактарында 18-декабрдан тарып карантин чаралары катаалдашты. Сиднейдин түндүк пляждарында оорунун очогу катталды.

12:19 19.12.2020

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Бишкек - 1
  • Баткен облусу - 1
  • Ош облусу – 2


Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 4
Жалпы: 1328

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 67
  • Ош - 4
  • Чүй облусу – 59
  • Ош облусу - 16
  • Талас облусу - 5
  • Нарын облусу - 5
  • Ысык-Көл облусу – 47
  • Жалал-Абад облусу – 14
  • Баткен облусу - 15


Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 232

Жалпы: 78911

13:35 19.12.2020

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында бир, Баткенде бир, Ош облусунда эки адамдын өлүмү катталды.

Бир күндө вирус дагы 232 кишиден жаңы аныкталып, октябрдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 78 911 адамды түздү. Анын 72 459 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 408 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1328 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1694 бейтап стационарда, 2551 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

10:50 20.12.2020

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы эки кишинин өмүрүн алды. Экөө тең Бишкек шаарында катталды.

Бир күндө вирус дагы 211 кишиден жаңы аныкталып, октябрдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 79 122 адамды түздү. Анын 72 780и сакайганы айтылды. Бир күндө 321 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1330 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1664 бейтап стационарда, 2463 киши үй шартында дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG