Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:42 21.12.2020

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1331 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 132 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (32) адам.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 79 254 кишиге жетти.

Бир күндө 225 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1636 адам жатат, дагы 2394 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4073 адамга жетти, алардын 3841и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.

12:06 22.12.2020

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 48
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 41
  • Ош облусу - 11
  • Талас облусу - 7
  • Нарын облусу - 7
  • Ысык-Көл облусу – 31
  • Жалал-Абад облусу – 12
  • Баткен облусу - 16


Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 175

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 105
  • Ош шаары – 6
  • Чүй облусу – 68
  • Ош облусу – 16
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу – 6
  • Ысык-Көл облусу – 49
  • Жалал-Абад облусу – 22
  • Баткен облусу – 15

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 295

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Бишкек – 3
  • Ысык-Көл облусу – 1

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 4
Жалпы: 1335

12:46 22.12.2020

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт киши көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда.

22-декабрга карата коронавирус дагы 175 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаары (48) менен Чүй облусунда.(41). Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 31, Баткен облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 12, Ош облусунда 11, Талас жана Нарында жетиден киши ооруга кабылган.

Кыргызсанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 79429 адам COVID-19 менен ооруду.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 295 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 73 300 адам айыгып, 1335 киши оорудан көз жумду.

Ушул тапта бейтапканаларда 1472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 23ү канааттандырарлык, 966 орто оордукта, 410 адам оор абалда, 73 бейтап өтө оор абалда.

12:46 22.12.2020

Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларына, шайлоого жана коронавирустун Европанын бир катар өлкөлөрүндө табылган жаңы түрүнө байланыштуу оорудан коргонуу чаралары тыкыр сакталышы керек. Бул тууралуу 22-декабрда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Акматова коронавирустун жаңы штаммы Дания, Нидерланд, Улуу Британия өлкөлөрүндө пайда болгонун Дүйнөлүк саламаттык уюмунун маалыматына таянып айтты жана анын жугуштуулугу COVID-19га караганда 70% жогору экенин белгиледи.

Жаңы жылдык кечелер боюнча Акматова мындай иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик органдарга тыюу салынганын эскертип, майрамдоону пландап жаткан башка ишкана-жайлардын ээлерине кайрылды:

“Жаңы жылды, албетте, майрамдаш керек. Бирок ошондой иш-чара уюштуруп, элди чогултуп жаткан адамдар имараттын аянты социалдык аралыкты сактоого мүмкүнчүлүк береби-жокпу, ошого жараша өткөрсөңөр болот. Шайлоо жана жаңы жылдык иш-чаралар учурунда жакындарыбызды, кесиптештерибизди коронавирустан сакташ үчүн беткап тагынуу, колду жууп-тазалоо, антисептик колдонуу, социалдык дистанцияны сактоо зарыл”.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар 80 миңге чамалады. Расмий статистикага караганда, алардын 1339у каза болду. Азыр 1,5 миңдей адам ооруканада жатат, 2,5 миңге жакын бейтап үйүнөн дарыланууда. (RK)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG