Британиянын жана Европанын айрым аймактарында коронавирустун жаңы штаммы (түрү) жайылып жаткандыктан түрк бийлиги 20-декабрдан баштап Британия, Голандия, Дания жана Түштүк Африка менен аба каттамын токтотконун кабарлаган.
22-декабрда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 14-декабрдан баштап Британиядан келген 4603 жаран аныкталганын жана обсервацияга алынганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү Анталия аймагындагы мейманканаларга келген туристтер болгон.
Ал эми Түркияда 1-декабрдан тарта коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш. Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген.
Өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.
Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 21-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 18 351 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллиондон ашты, 2 миллионго жакыны айыгып чыкты.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан эки киши каза болду. 230 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1337 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79659 адамга жетти.
Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 73 561 адам.
Стационарда 1453 бейтап дарыланууда. 2414 киши үйдө дарыланууда.
23-декабрда дагы беш медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4080 кишиге жетти, алардын ичинен 3850 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 62
- Ош - 6
- Чүй облусу – 43
- Ош облусу - 8
- Талас облусу - 5
- Нарын облусу - 6
- Ысык-Көл облусу – 34
- Жалал-Абад облусу – 11
- Баткен облусу - 11
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 186
Жалпы: 79845
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
Бишкек – 2
Баткен облусу – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 3
Жалпы: 1340
Коронавирустан улам дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Рождество жана Жаңы жыл майрамдарында өз жарандарын бир жерге чогулбоого чакырууда. Буга коронавирустун мутацияланган түрү жайылып жатканы тууралуу тараган кабарлар себеп болду. Буга чейин Британияда вирустун жаңы штаммы жайылып жатканы маалымдалса, эми андан башка дагы бир козгогуч Түштүк Африкада аныкталганы кабарланды.
«Африкалык штамм» да мурдагыга салыштырмалуу тезирээк жайылат деп болжолдонуп жатат. Дал ушул чочулоодон улам Улуу Британиянын бийлиги 23-декабрдан тартып Түштүк Африка Республикасына барчу каттамдарга убактылуу чектөө киргизди. Шаршембиде Британияда Түштүк Африкадан келген эки адам жаңы штаммды жугузуп алганы аныкталган эле.
Африкалык өлкөнүн саламаттык сактоо министри коронавирус абдан тез жайылып жатканын, өлкөдө тапшырылган тесттердин 26%бөлүгүнөн вирус аныкталганын билдирди.
Бул штамм адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу же вакцина жардам бербейт деп чочулоого эч кандай далил жок.
Ал ортодо Британия менен каттамдарга буга чейин чектөө киргизген Европанын айрым өлкөлөрү чараларды жеңилдете баштады. Эми Британиядан келген жолоочулар коронавирус жок экенин далилдеген тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, өлкөлөргө кирсе болот.
Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 24-декабрга карата дүйнөдө 78 миллион 725 миң адам вирусту жугузса, анын кесепетинен 1 миллион 730 миңден ашык адам каза болду.