Сербияда 24-декабрдан тартып коронавируска каршы эмдөө баштады. Серб бийлиги бул үчүн "Pfizer-BioNTech" вакцинасын тандады. Өлкөнүн премьер-министри Ана Брнабич жана эпидемиологиялык кризисти жөнгө салуу боюнча топтун мүчөлөрү биринчилерден болуп эмдөөдөн өттү. Мындай жол менен калк арасында вакцинанын коопсуз жана ишенимдүү экенин көрсөтүүнү чечишкен.
22-декабрда Сербияга вакцинанын 500 дозасы алынып келген. Президент Александр Вучич алгач болуп улгайган адамдар жана карылар үйлөрдө жашап жаткандар эмдөөдөн өтөрүн билдирген. Эми вакцинанын келишине жараша жакынкы апталарда медициналык кызматкерлер да эмделет. Ал үчүн ай сайын 80 миң доза вакцина керектелет.
Сербия учурда уруксат бере элек болсо да Орусияда ойлоп табылган "Sputnik V" жана кытайлык "Sinopharm" компаниясынын вакцинасын колдонууну пландап жатат.
Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы "Pfizer-BioNTech" вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган. Евробиримдик болсо 27-декабрдан тартып эмдөөгө уруксат берген.
7 миллионго чукул адам жашаган Сербияда коронавирусту 300 миңдей адам жугузса, 2800 адам каза болду.
Кыргызстан эмдөө боюнча глобалдык COVAX альянсына коронавируска каршы 1 миллион 200 миң вакцина алуу боюнча арыз менен кайрылып, колдоо тапты.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы атайын билдирүү таратты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун вакцинасын тастыктагандан кийин Кыргызстанда калктын 20% ашыгы эмделе турган болду.
Ал арада вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында ар бир медициналык кызматкердин жоопкерчилигине оорукана жетекчилиги көз салышы керектигин эскертти.
Ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүү маселесине токтолду.
Кыргызстанда COVID-19 вирусу март айында катталгандан бери 1340 адам каза болду. Оору расмий 79 845 адамдан аныкталды.
Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 78 млн. 781 миӊ 797 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 1 млн. 731 миӊ 989 адам каза болду.
- АКШ – 18 465 910 (каза тапкандар – 326 217)
- Индия – 10 123 778 (каза тапкандар – 146 756)
- Бразилия – 7 365 517 (каза тапкандар – 189 220)
- Орусия – 2 934 695 (каза тапкандар – 52 434)
- Франция – 2 562 615 (каза тапкандар – 62 098)
- Британия – 2 155 996 (каза тапкандар – 69 157)
- Түркия – 2 082 610 (каза тапкандар – 18 861)
- Италия – 1 991 278 (каза тапкандар – 70 989)
- Испания – 1 842 289 (каза тапкандар – 49 698)
- Германия – 1 604 129 (каза тапкандар – 28 914)
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдет 180 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок.
Оору жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында (67) жана Чүй облусунда (60).
Ошентип, коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 80 025 кишиге жетти. Каза болгондор 1340 адам болду.
Бир күндө 307 бейтап айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1358 адам жатат, дагы 2246 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4092 адамга жетти, алардын 3865и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.