Ирандын чет өлкөдөгү валюталык резервдериндеги каражатын коронавируска каршы вакцина сатып алыш үчүн которууга АКШ макул болду.
Бул тууралуу Ирандын Борбордук банкынын башчысы Абдулнасер Хеммати билдирди. Анын айтымында, буга чейин салынган санкцияларга карабай Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин карамагындагы чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы швейцариялык банкка акча которууга макулдук берген. Эми Иран бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун планына ылайык 16,8 миллион доза вакцина алыш үчүн 244 миллион долларды которот.
Буга чейин расмий Тегеран АКШ салган санкциялардын кесепетинен акча которула албай жатканын билдирип келген.
Хеммати теледен сүйлөп жатып: «Бул жолу АКШ эл аралык коомчулуктун басымы астында акча которууга макул болду», - деп билдирди.
АКШнын Финансы министрлиги трансферге уруксат берилгени боюнча маалыматты расмий ырастай элек.
Иран Жакынкы Чыгыштагы коронавирус пандемиясынан эң көп жабыр тарткан өлкө болуп саналат. Бул мамлекетте вирус 54 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.
Кошмо Штаттар Иранга карата санкцияларды 200-жылдардын башында өзөктүк курал үчүн уран байытууга каршы салган. Иранга каршы санкциялардын көбү 2015-жылы Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууга ылайык алынган. Бирок 2018-жылы АКШ ал макулдашуудан чыгып кеткен.
Рим папасы Франциск Рождестводогу салттуу кайрылуусунда дүйнөдөгү ар бир адамга коронавируска каршы вакцина жетчүдөй шарт түзүүгө чакырды.
Адатта Ыйса Пайгамбардын туулган күнүндө понтифик Ыйык Петр соборунун балконунан элге кайрылчу. Бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу видео кайрылуу менен чектелди. Анда католик чиркөөсүнүн башчысы абалды «биз баарыбыз бир кайыктабыз» деп сыпаттады.
«Мен бардык өлкөлөрдүн башчылары, эл аралык уюмдар, компаниялардын жетекчилери бири-бири менен атаандашпай, бардык адамдарга, айрыкча планетабыздагы эң аялуу, муктаж болгондорго вакцина жетчүдөй шарт түзүүүнү суранам», - деди Франциск.
Рим папасы дүйнөдөгү согуштар, зордук-зомбулук маселелерине токтолуп, куралдуу кагылышуу болуп жаткан Сириядагы, Ирактагы, Йемендеги балдардын тагдырына көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле Донбасс менен Тоолуу Карабактагы абалды эске салып, тынчтык каалады.
25-декабрда дүйнөдөгү католик жана протестант христиандар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат. Быйылкы майрам коронавирус пандемиясына туш келди. Ушундан улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө чектөөлөр киргизилип, кеңири майрамдоого тыюу салынган. Буга Британияда катталган вирустун мутацияланган түрү кошумча болуп, кооптонууну күчөттү.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек - 60
Ош - 6
Чүй облусу – 27
Ош облусу - 20
Талас облусу - 5
Нарын облусу - 5
Ысык-Көл облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу - 4
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 157
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек – 4
- Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 4
- Жалпы: 1344
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
- Бишкек шаары – 1
- Ош шаары – 1
- Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4095 учур катталды, алардын ичинен 3873 медкызматкер сакайды.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 27-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт адам көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Баткен облусунда.
27-декабрга карата коронавирус дагы 191 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (78) жана Бишкек шаарында (48). Ош шаарында 5, Ысык-Көл облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 14, Баткен жана Ош облустарында тогуздан, Талас жана Нарында төрттөн адам ооруга кабылган.
Кыргызстанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 80 373 адам COVID-19 менен ооруду.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 343 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 74 820 адам айыгып, оорудан көз жумгандардын саны 1348 кишиге жетти.
Ушул тапта бейтапканаларда 1261 адам дарыланууда. Алардын ичинен 23ү канааттандырарлык, 816 орто оордукта, 369 адам оор абалда, 53 бейтап өтө оор абалда.