Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 51
- Ош - 1
- Чүй облусу – 28
- Ош облусу - 10
- Талас облусу - 4
- Нарын облусу - 5
- Ысык-Көл облусу – 18
- Жалал-Абад облусу – 2
- Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 119
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек – 3
- Ысык-Көл облусу – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 4
Жалпы: 1353
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 189 адам жаңыдан катталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (68) жана Чүй облусунда (63). Ысык-Көл облусунда 24 адам, Ош облусунда 13, Жалал-Абад облусунда 10, Баткенде 8, Нарын менен Таласта үчтөн адам ооруга кабылганы лабораториялык иликтөөлөрдө тастыкталды. Ушуну менен марттан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 80 843 адамга жетти.
Акыркы суткада оорудан 290 адам сакайып чыкты. Коронавирус илдетин жеңгендердин жалпы саны - 75 624 адам. Илдеттен 1354 адам көз жумду.
Ушул тапта бейтапканаларда 1165 адам дарыланып жатат. Анын ичинен 14 кишинин абалы канааттандырарлык. 783 адам орто оордукта, 313 адам оор абалда жана 55 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айрым дарыгерлер айтып келишет.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-октябрь айларында пневмониянын 30 миң учуру катталды.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитети билдирди. 2019-жылдын он айында өпкөсү кагынгандар 26 миңди түзгөн.
Былтыр январь-октябрь айларында пневмониядан 505 адам каза болгон. Ал эми быйыл он ай ичинде бул илдеттен 1 189 киши жумду.
Өткөн жылдын алгачкы он айында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда тогуз өлүмдү түзгөн. 2020-жылы ал 22 жетип 2,3 эсеге көбөйдү.
Өпкөсү кагынып каза болгондордун көбү Чүйдө – 41 адам. Нарын облусунда – 35, Бишкек шаарында – 29, Талас менен Ысык-Көлдө – 27ден киши, калган аймактарда 10дон 13 адамга чейин жетет.
Кыргызстанда өпкөнү сезгенте турган коронавирус күчөгөн жай айларында пневмонияга чалдыккандар кескин көбөйгөн. Саламаттык сактоо министрлиги башта өпкөсү кагынгандарды коронавирустун статистикасынан өзүнчө санаган. Кийинчерээк пневмония болгондор жана андан каза тапкандар COVID-19га кошулуп эсептеле баштаган.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды.
Бир күндө вирус дагы 191 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81034 адамды түздү. Анын 75 918и сакайганы айтылды. Бир күндө 294 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1355 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1093 бейтап стационарда, 1756 киши үй шартында дарыланууда.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 64
- Ош - 4
- Чүй облусу – 46
- Ош облусу - 9
- Талас облусу - 7
- Нарын облусу - 5
- Ысык-Көл облусу – 27
- Жалал-Абад облусу – 24
- Баткен облусу - 5
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 191
Жалпы: 81034
Стационарда дарыланууда – 1093 бейтап, алардын ичинен:
12 адам (1%) - канааттандыраарлык абалда;
756 (69,1%) - орто оордукта;
279 (25,5%) - оор абалда;
46 (4,2%) - өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 1756 бейтап.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
Бишкек – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 1
Жалпы: 1355