Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:25 31.12.2020

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдет 4114 медкызматкерге жукту.

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 31-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир суткада Бишкекте дагы эки медициналык кызматкерден вирус табылды.
Бир күндө стационардан беш, үй карантинден үч медкызматкер чыкты.

Пандемияда вирустан каза тапкан медкызматкерлер 80ден ашты.

Оору жугузуп алган медиктердин 3918и айыкканы кабарланды.

16:14 31.12.2020

Бүгүн Кытайдын бийлиги коронавирус жайылып жатканы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна расмий кабар бергенине бир жыл болду.

2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк cаламаттык сактоо уюмунун Кытайдагы бюросуна Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында белгисиз түрдөгү өпкө кагыны менен бир нече адам ооруп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

2020-жылдын 3-январында Кытай бийлиги жаңы вирус 44 адамдан табылганын, алардын 11и оор абалда экенин кабарлаган. Мындан соң вирус тездик менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарап, март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны пандемия деп жарыялаган.

Жонс Хопкинс университетинин санагы боюнча, азыркы маалга карата дүйнөдө вирусту жугузгандар 82, 5 миллион адамга жетсе, анын кесепетинен каза болгондор 1 миллион 800 миңге чамалады. 47 миллиондой адам вирустан айыгып чыкты.

Пандемиядан улам быйыл дүйнөдө Жаңы жыл алдында майрамдык иш-чаралар кыскартылып, чектөөлөр киргизилди.

Мындай кырдаалда Британияда жакында аныкталган коронавирустун жаңы түрү чочулоолорду күчөтүүдө. Мурдагыга караганда жугуштуу деп болжолдонгон жаңы штамм дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө аныкталды.

Ошол эле кезде коронавируска каршы вакцина өндүрүлүп, учурда бир нече өлкөдө эмдөөлөр башталды.

12:08 1.1.2021

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 43
  • Ош - 0
  • Чүй облусу – 39
  • Ош облусу - 7
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 25
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Баткен облусу - 3

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 122

Жалпы: 81156

01.01.2021
Стационарда дарыланууда – 991 бейтап, алардын ичинен:

  • 13 адам (1,3%) - канааттандыраарлык абалда;
  • 687 (69,3%) - орто оордукта;
  • 241 (24,3%) - оор абалда;
  • 50 (5%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 1746 бейтап.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Бишкек – 1


Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 1
Жалпы: 1356

COVID-19: Республикалык штаб

17:23 1.1.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) «Pfizer-BioNTech» вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат берди жана бул дары талап кылынган шарттарга жооп берет, коопсуз жана натыйжалуу экенин билдирди.

Уюмдун мындай уруксаты коронавируска каршы чыккан вакциналардын ичинен алгач дал ушул «Pfizer-BioNTech» вакцинасына берилүүдө. Эми, ДССУнун интернет-барагында жазылгандай, ар кандай өлкө өзүнүн ички мамлекеттик талаптарына ылайык бул вакцинаны жактыруу жана чет жактан ташып келүү иш-аракетин тездете алат. Бул чечим эми ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдарга дал ушул вакцинаны дүйнөнүн ар кыл аймактарында таркатууга мүмкүндүк берет.

Дүйнө жүзү боюнча пандемия башталгандан бери коронавирус жуккан адамдардын саны 83 миллион кишиден ашты, 1,8 миллион киши көз жумду. Иш жүзүндө коронавирус жуккандар алда канча көп, өлүм-житим да алда канча арбын болду деп жоромолдор бар.

Түркмөнстанда, маселен, коронавирус илдети өлкөдө жок деп расмий айтылган менен, дал ушул оорунун белгисинин айынан каза болгондор бар экени айтылууда.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин өткөн айда баштаган. Орусияда өздөрү чыгарган «Спутник V» вакцинасын колдонуп жатышат. Кытай да өзүндө өндүрүлгөн вакцинаны колдонуп келет. Бул вакциналардын көпчүлүгү дүйнө өлкөлөрүндө чукул кырдаалда гана колдонулууга уруксат алышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG