Кошмо Штаттарда бир күндө коронавирустан төрт миңдей адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус бир күндө 250 миң адамдан табылды. Адистер жаңы жылдык майрамдардан кийин ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышкан.
Баарынан катуу жабыркаган штаттардын сап башында Калифорния турат. 7-январда бул штатта коронавирус 500дөн көп кишинин өмүрүн алды.
АКШдан кийинки орунда мурдагыдай эле Мексика менен Бразилия жайгашкан.
Мексикада соңку бир күндө COVID-19 13 миңден ашуун адамдан аныкталды. Бул өлкөдө бир күндө инфекциядан миңден көп киши көз жумду.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус дүйнөдө 1,9 миллион адамдын өмүрүн алды.
Евробиримдик «Pfizer-BioNTech» компаниясынан 300 млн. кошумча вакцина ала турганын 8-январда өткөргөн басма сөз жыйынында Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди.
Ал кошумча жаңы келишимге кол коюлганын жана 75 миллион дозасы жылдын экинчи чейрегинде, ал эми калганы жыл аягында даяр болорун кошумчалады.
Жалпысынан шаркет «Модерна», «АстраЗенека», «Pfizer-BioNTech», «CureVac» жана башка компаниялар менен эки миллиард доза вакцина алууга келишип түзгөн.
Ушул убакка чейин «Pfizer-BioNTech» жана «Модерна» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берилди. Ал эми «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасына ушул ай соңунда уруксат берилиши мүмкүн.
Дозалар калктын санына жараша Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге бөлүштүрүлөт.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан 8-январда мамлекеттик радио аркылуу жасаган билдирүүсүндө «вакциналар жетиштүү санда келмейинче азыркы чектөөлөрдү узарта беребиз» деп билдирди.
Эрежелерге ылайык, кечки сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилет, адамдарга чогулууга тыюу салынат жана тамактануучу жайлар жабык болот.
Мектептин баштапкы класстары жана бала бакчалар иштей берет. Ал эми жогорку класстын окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууну улантышат.
8-январда Венгрияда коронавирус 3 миңдей адамдан табылды, бул илдеттен 115 киши көз жумду.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-январга карата маалыматы боюнча, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Бишкек шаарында бирөө, дагы бири Талас облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 367 кишиге жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 147 адамдан табылды.
Бишкек шаары – 70;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 5.
Оору жуккандардын жалпы саны 82 138 кишиге жетти.
Бир күндө 204 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 77 751 адам болду. Ушул күндөрү ооруканада 863 бейтап жатат. Дагы 1 232 киши үйдөн дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жүрүшөт.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тартып каза болгондор кайра катталууда.