Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:44 9.1.2021

Стационарда дарыланууда – 862 бейтап, алардын ичинен:
9 адам (1%) - канааттандыраарлык абалда;
553 (64,1%) - орто оордукта;
247 (28,6%) - оор абалда;
53 (6,1%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 1232 бейтап.

10:57 11.1.2021

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 380 адамга жетти. Алардын 78 003ү сакайды. Соңку бир күндө 101 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1371 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 82;
  • Ысык-Көл облусунда - 10;
  • Чүй облусунда – 8;
  • Баткен облусунда - 4;
  • Ош облусунда - 2;
  • Жалал-Абад облусунда - 1;

Ош шаарында, Талас жана Нарын облустарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 11-январда 90 миллион 260 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 934 миңден көп.

12:25 12.1.2021

12-январга карата Кыргызстанда дагы 115 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Каза тапкандардын экөө Бишкекте, бири Ысык-Көл облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

"Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 495 адамга жетти. Алардын лабораториялык жол менен тастыкталганы - 43 204, клиникалык-эпидемиологиялык жол менен (пневмония) тасыкталганы - 39291".

Жалпы ооругандарды 78 181и сакайды. Соңку бир күндө 178 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Илдетке каршы республикалык штабдын "Telegram" каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 808 бейтаптын 49унун абалы өтө оор, 242си оор, 506сы орто оор абалда жатышат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 47;
  • Чүй облусунда - 43;
  • Ысык-Көл облусунда – 12;
  • Ош облусунда - 5;
  • Жалал-Абад облусунда - 3;
  • Талас облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 2 киши.

Ош шаарында жана Баткен облустарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 12-январда 90 миллион 878 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 944 миң 500ден көп.

13:24 12.1.2021

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина сунушталды. Анын биринчиси - АКШда иштелип чыккан «Pfizer» дарысы Бишкекке жөнөтүлгөнүн саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 12-январда билдирди.

Эми кыргызстандык адистер препараттарды колдонуу эрежелерине ылайык эмдөөнүн жолдорун талдап чыгышат.

««Pfizer» вакцинасы -70 градус режимде сакталышы керек. Бизде мындай шарт түзүлгөн эмес. Биз колдонулуп жүргөн эмдөө препараттардын баары баары +2...+4 режиминде сактала турган дары-дармектер болгон», - деди Үсөнбаев.

Ушундан улам Кыргызстан башка вакциналардын түрлөрүн да алар келгенде карап чыгып, өлкөдөгү шарттарга ылайыгын тандайт.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин 2020-жылдын соңунда баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү ушул айдын ичинде эле жеткирилерин маалымдаган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар алгач 2020-жылдын мартында белгилүү болгон. 12-январга карата 82 495 адамга жетти. Алардын 1374ү жашоо менен кош айтышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG