Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:17 12.1.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы эмдөө башталса да быйыл жапырт иммунитет пайда болбошу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу уюмдун илимий адиси Сумья Сваминтан 11-январда билдирди.

Ал «эгер жапырт иммунитет бир нече мамлекетте пайда болсо да бул дүйнө калкын коргой албайт» деди.

Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзүү менен пандемияны жакынкы айларда токтотуу аракети болуп жатат. Жапырт иммунитет пайда болушу үчүн дүйнө калкынын 70-80% эмделиши керек.

ДССУнун башкы директорунун өкүлү Брюс Эйлвард эмдөө ушул айдын соңунда же февраль айында айрым жакыр мамлекеттерде башталат деп үмүт артып жатканын билдирди. Ал кедей мамлекеттерди вакцина менен камсыз кылыш үчүн бир нече ирет эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталган дээрлик бир жылдан бери коронавируска 90 миллиондон көп адам чалдыгып, эки миллионго чукул киши бул илдеттен көз жумду.

17:59 12.1.2021

Британиянын "AstraZeneca" компаниясы Оксфорд университети менен биргеликте ойлоп тапкан вакцинасына уруксат берүү арызы менен Евробиримдикке кайрылды.

Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттиги "AstraZenec" компаниясынын арызын чукул арада карап, ай соңунда вакцинаны колдонууга уруксат бериши мүмкүн экенин 12-январда билдирди.

Еврокомиссия расмий бекиткенден кийин бул шаркеттин аймагында уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калат. Буга чейин "Pfizer-BioNTech" жана "Moderna" компанияларынын препараттары менен эмдөөгө уруксат берилген.

Еврокомиссиянын төрайымы "AstraZeneca" компаниясынын арызын “жакшы жаңылык” деп атады.

Ал ошондой эле шаркет "Pfizer-BioNTech" жана "Moderna" компанияларынан кошумча 300 миң доза вакцина сатып аларын билдирди.

"Oxford-AstraZeneca" вакцинасы бир нече мамлекетте, анын ичинде Аргентинада, Британияда жана Индияда жактырылган. Бул вакцина башкаларга караганда салыштырмалуу арзанырак. Аны сактоо жана транспорттоо кыйла жеңил.

10:02 13.1.2021

13-январга карата Кыргызстанда дагы 92 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 51;
  • Чүй облусунда - 10;
  • Жалал-Абад облусунда – 10;
  • Ош шаарында - 9;
  • Ош облусунда - 5;
  • Ысык-Көл облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 3;
  • Баткен облусунда - 1 киши;
  • Талас облусунда бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 810 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 241си оор, 514тү орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 13-январда 91 миллион 559 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 961 миңден көп.

17:50 14.1.2021

ДССУнун адистери Уханга келди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери коронавирустун жаныбарлардан адамга жуккан себебин териштирип-иликтөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына келишти.

Өпкөнү сезгенткен илдет алгач 2019-жылдын аягында аталган шаардан тараган жана баштапкы маалыматтарга ылайык, анын очогу жапайы жан-жаныбарлардын, куш-канаттуунун эти сатылган базар болгону айтылган.

Вирустун тарашы тууралуу мындан башка дагы божомолдор көп.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары 10 адамдан турган ДССУнун комиссиясы Ухань шаарына бейшембиде, 14-январда учуп келгенин жазышты. Алар шаарда бир айдай болмокчу.

АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерланддар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган эксперттер карантин шартында кытайлык адистер менен алгачкы жыйынды видео байланыш аркылуу өткөрүшөт.

«Бул вирустун келип чыккан себебин аныктоодогу илимий иликтөөнүн маанилүү бөлүгү. Өзүңөр билгендей, дүйнө үчүн бул вирус адамдарга жаныбарлардан кантип жукканын билүү өтө маанилүү. Бул бизге келечекте мындай вирустардын жайылышынын алдын-алууга, адам баласы үчүн жан-жаныбарлар падышачылыгынын коркунучтарын жакшылап түшүнүүгө жардам берет», - деди ДССУнун басма сөз өкүлү Маргарет Харрис.

ДССУ бир нече айдан бери өз адистерин Кытайга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген.

Өткөн аптада Бээжин уюмдун эки адисин өз аймагына киргизбей койгон. Жагдайдан улам ДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус нааразычылыгын билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь 12-январда брифингде вирустун келип чыккан себептери бир катар өлкөлөрдө дагы иликтениши мүмкүн экенин билдирди:

«Эпидемиологиялык кырдаалдын өзгөрүшү менен кошо биздин вирус тууралуу билгендерибиз тереңдеп жатат жана ал мурда тараган жагдайлар белгилүү боло баштады».

Коронавирустун тарап кеткен себеби боюнча бир канча жоромолдор бар. Алардын негизгисине ылайык, алгачкы очогу Ухань шаарында экзотикалык жан-жаныбарлардын, канаттуу-куштардын эти сатылган базар болгону, жарганаттан адамга жуккан болушу мүмкүн деген версия көбүрөөк айтылган.

Дүйнө жүзүндө коронавируска 91 миллиондон көп адам кабылып, эки миллиондой бейтап жан берди.
Дүйнө жүзүндө коронавируска 91 миллиондон көп адам кабылып, эки миллиондой бейтап жан берди.

Кытай бийлиги вирус импорттолуп келген деңиз азыктарынан тарашы ыктымал деген дагы божомолду айткан. Бирок аны бир катар дүйнөлүк окумуштуулар, уюмдар четке каккан.

Ал арада ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети бери дегенде 50дөй өлкөдө катталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрлөрүн талкуулоо үчүн чогулганы жатат. Өпкөнү сезгенткен вирустун мындай түрлөрү алгач Британияда, андан кийин Түштүк Африкада катталган. Адистер оорунун мындай штаммы тез жана көп тараганы менен кооптуу экенин билдиришкен.

Дүйнө жүзүндө коронавируска 91 миллиондон көп адам кабылып, 2 миллиондой бейтап жан берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG