Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:42 15.1.2021

15-январга карата Кыргызстанда дагы 134 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 857 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 715и сакайды. Соңку бир күндө 152 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында– 46;
Чүй облусунда - 45;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ош шаарында - 3;
Ош облусунда - 12;
Ысык-Көл облусунда - 15;
Нарын облусунда - 2;
Баткен облусунда - 3 киши.
Талас облусунда бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 812 бейтаптын 48инин абалы өтө оор, 230у оор, 526 адам орто оор абалда жатат, 8 кишинин абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок.
15-январга карата стационардан – 2, үй карантининен - 4 медкызматкер чыгып, ишине кайтты.
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен 4150 медициналык кызматкер вируска кабылган, алардын ичинен 4046сы айыгып чыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 13-январда 91 миллион 559 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 961 миңден көп.

21:34 15.1.2021

Дүйнөдө коронавирустун улам каза болгондор 2 миллион адамга чамалап калган учурда вируска каршы эмдөөнүн мааниси артып баратат. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 14-январга карата дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 1 миллион 996 миң адамдан ашты.

Учурда Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынан соң вирус жугузгандар көбөйүп жатат. Германиянын саламаттык сактоо агенттиги 15-январда өлкөдө дагы 22 миңден ашык адам вирус жугузганы аныкталып, жалпысынан бул оору жуккандар эки миллиондон ашканын билдирди. Ошондой эле бул өлкөдө 1113 адам каза болгону белгилүү болду.

Ушу тапта Мексикада да коронавирустан улам каза болгондор күнүнө 1000ге чукулдап жатат.

Илдетке каршы калкты эмдөө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө башталган. Европада Дания 5,8 миллион калктын 2% эмдөөдөн өткөрүп, алдыга чыкты. Ал эми АКШда болсо 11 миллионго жакын адам коронавируска каршы вакцина алды.

10:41 16.1.2021

16-январга карата Кыргызстанда дагы 129 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 986 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 866сы сакайды. Соңку бир күндө 151 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1382 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 54;
  • Чүй облусунда - 34;
  • Ысык-Көл облусунда – 20;
  • Ош облусунда - 9;
  • Жалал-Абад облусунда - 4;
  • Талас облусунда - 3;
  • Баткен облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 2 киши.
  • Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 799 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 229у оор, 518и орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 8 миңден көп.

10:55 16.1.2021

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 2 миллион 8 миңден көп.

Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда - дээрлик 390 миң. Андан кийин Бразилия - 207 миң, Индия - 150 миңден ашат.

Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө.

2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Ал эми коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы жумада Орусияда аныкталган. Мындан тышкары, коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда 16-январдагы расмий маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 986 адамга жетти. Алардын 1382си каза болуп, 78 866сы сакайды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG