Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:55 22.1.2021

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) "Pfizer/BioNTech" вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Аталган уюм муздаткыч алып берери тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев парламентте жаңылыш айткан. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 22-январда "Твиттерге" жазды.

"Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин парламентте ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кечирим сурайт. Белгилүү болгондой, USAID муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Саламаттык сактоо министри жаңылыптыр",- деди Сурабалдиева.

21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Алымкадыр Бейшеналиев USAID "Pfizer/BioNTech" вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Ал учурда парламентти Бейшеналиевдин жанында Сурабалдиева да отурган. Ал министрдин милдетин аткаруучу ката сүйлөп алганы кийин маалым болгонун белгиледи.

22-январда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Бишкектеги өкүлчүлүгү да төмөнкүдөй маалымат таратты:

"АКШ буга чейин Кыргызстанда COVID менен күрөшүүгө USAID аркылуу, АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) аркылуу жана Мамлекеттик департамент аркылуу 5 миллион доллардан ашуун каражат берди. Биз COVID-19 менен күрөшүүнүн башында турган кайраттуу дарыгерлерди жана медайымдарды колдоо үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташа беребиз. Ошондой эле вирустун таасирин минималдаштырууга жардам берүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштешүүнү улантабыз."

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси жаңылыштык кетиргенин мекеменин басма сөз кызматы ушул эле күнү бышыктап, муздаткыч маселеси боюнча башка бир эл аралык уюм менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

17:35 22.1.2021

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм 22-январда билдирүү таркатып, алардын уюму коронавируска каршы эмдөө жаатында COVAX тутумунун алкагында колдоо көрсөтөрүн айтты. Бул үчүн 2019-2020-жылдары өлкөдөгү вакциналарды сактоого 973 муздаткыч алынганын маалымдап, «Pfizer/BioNTech» вакцинасы үчүн зарыл болгон ашыкча муздатуучу жабдууларды алууга азырынча шарт жок экенин белгиледи.

Анын алдында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги брифингде вакцинаны сактоочу муздаткыч менен камсыздоо жагынан ЮНИСЕФ жардам берерин билдирген эле.

21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Ал күнү министр Алымкадыр Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Кийин вице-премьер Элвира Сурабалдиева министр адашып алганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы пресс-релиз таратып, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинен кечирим сурады.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү вакциналарга байланыштуу маселе чечилишине жараша эмдөөну 1-июндан баштоону пландаштырууда.

12:38 23.1.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Чүй, экинчиси Ысык-Көл облустарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1398 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 93 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (29), Бишкек шаарында (27) жана Ысык-Көл облусунда (21) адам.

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 83 796 кишиге жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 689 адам жатат, дагы 1006 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4164 адамга жетти, алардын 4072си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

12:39 23.1.2021

Жапонияда премьер-министр Ёсихидэ Суга баш болгон жетекчилер коронавирустун жайылышына каршы эрежелерди сактоодон баш тартып жаткан ишкерлерди жана тургундарды жазалоо чараларын катуулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жалпы улуттук “Асахи” гезити ишемби күнү маалымдагандай, жаңы мыйзам кабыл алынса иш убактысын кыскартпай жаткан ресторандарга ири өлчөмдө айыппул салынат, ал эми коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатпай жүргөн тургундар кылмыш жообуна тартылат. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Өлкөдөгү оппозиция өкмөттүн мындай сунушун кескин сынга алууда.

Жапонияда эпидемиологиялык абал былтыр ноябрь айында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус 357 миң адамга жукту, алардын дээрлик 5 миңдейи көз жумду.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны 100 миллионго чамалады, алардын 2 миллиондон ашуунунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG