Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:45 11.2.2021

Кыргыз өкмөтү элди коронавируска каршы эмдөө үчүн Орусиянын жана Кытайдын вакциналарын колдонуу маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу 11-февралда премьер-министр Улукбек Марипов эпидемиологиялык кырдаал боюнча өткөргөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында COVAX программасынын алкагында вакциналар өлкөгө март айында, кийинки бөлүгү экинчи кварталда келери айтылды.

Эмдөө ыктыярдык негизде өтөрү, алгач мугалимдер жана дарыгерлер эмделери маалым болду.

Жалпы билим берүүчү мектептер менен бала бакчаларды кайра ачуу маселеси да каралды.

«Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун саны көбөйүү ыктымалдыгына толук даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болушу тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектин корун жогорулатуу керек», - деди Улукбек Марипов.

11-февралга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунан каза болгондор 1437ге жетти.

Оору жугуп, ПЧР тести менен аныкталгандар 85 328 адам болду.

Коронавирус менен оор абалда 117 киши ооруканаларда жатат.

11:44 12.2.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1438 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алып, диагнозу расмий такталгандар 85 398 адамга жетти. 82 098 адам оорудан айыкты.

Вирус менен ооруканада азыркы тапта 430 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 123үнүн абалы оор, 24ү өтө оор абалда. Амбулатордук негизде 469 бейтап дарыланып жатат.

17:31 12.2.2021

Бишкекте бүгүн, 12-февралда, №13 мектеп гимназияда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Саламаттык сактоо министрлиги, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилери мектеп директорлору жана ата-энелер менен жыйын өткөрдү.

Жыйында шаардагы мектептерди аралыктан окутууну токтотуп, салттуу билим алуу качан ачылары талкууланууда.

Анда сөз сүйлөгөн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баш калаада коронавирус жана сасык тумоо инфекциясына байланыштуу абал кооптуу бойдон калып жатканын айтты.

"Январь айында Бишкекте 43 баладан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 13ү мектеп окуучулары. Азыркы тапта курч респиратордук сасык тумоо оорулары да күч алууда. Ошондуктан шаардагы балдардын стационарлары толуп калды. Январь айынан бери алты мугалимге оору жукту. Эпидемиологиялык кырдаал начар".

Жолугушууга келген Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өлкөдөгү жалпы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин балдарда оору күчөп жатканы тууралуу билдирүүсүн тастыктап, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырды.

9-февралда Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" январь, февраль айында оору күчөп, пневмония менен 150дөн ашуун бала ооруканада жатканын, анын жыйырмадан ашыгы оор абалда экенин маалымдаган.

11:28 13.2.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европанын көп мамлекеттеринде коронавируска чалдыккандардын саны азая баштаганы менен, карантин чараларын шашылыш жоюу кооптуу экенин эскертти.

Уюм коронавирустун мутацияланган түрлөрү жайылып, эмдөө маселеси создугуп жатканын жүйө кылды.

Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда пайда болгон коронавирустун жаңы түрлөрүнүн ондогон мамлекетте аныкталганы кооптонуу жаратууда.

Саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсүнө карабастан Чехия парламенти 11-февралда өзгөчө абал режимин узартуу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон жок. Буга байланыштуу өкмөт катаал чектөөлөргө баралбай, түнкүсүн коменданттык саат киргизбей калышы ыктымал.

Чехияда октябрдан бери карантин чектөөлөрү киргизилген. Учурда бул өлкө коронавируска чалдыккандардын саны боюнча Европада Португалиядан кийинки эле экинчи орунда турат. Күнүгө вирус орто эсеп менен сегиз миңдей адамдан аныкталууда. 10 миллион калкы бар мамлекетте 18 миңдей адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Ал эми Венгрия 12-февралда орустардын «Спутник-V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталарын жарыялады. Муну менен Венгрия Евробиримдиктеги орустардын вакцинасын колдонгон алгачкы мамлекет болуп калды.

Венгрия өткөн айда Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттигинин уруксатын күтпөстөн эки миллион доза орус вакцинасына буйрутма берген.

Будапешт ошондой эле шаркетке мүчө 27 мамлекеттин арасынан айырмаланып, Кытайдын «Синофарм» вакцинасына уруксат берип, беш миллион доза заказ кылган.

Венгрия Брюссель менен миграция темасына байланыштуу бир пикирге келе албай келет. Ошондой эле Будапешт бир нече ирет шаркет жетекчилигин вакцина сатып алуу жараяны создугуп жатканына байланыштуу сынга алган.

«Биз Брюсселдин уруксатын күтүп жаткан маалда күн сайын жүз адамдан айрылып жатабыз», - деди Виктор Орбан 12-февралда мамлекеттик радиого курган маегинде.

Түндүк Македония.
Түндүк Македония.

Соңку бир суткада коронавирустан Венгрияда 100дөй киши көз жумду. Акыркы бир айда өлкө ооруканаларына бул илдет менен түшкөн адамдардын саны өстү. Орбан оорунун жайылышын коронавирустун мутацияланган түрүнөн көрүп жатат.

Венгрия ошондой эле «Pfizer/BioNTech» жана «Модерна» компанияларынын вакцинасын калкка сая баштаган. Болжол менен 300 миңдей адам, негизинен медкызматкерлери, улгайган адамдар вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди.

Венгрияда тамактануучу жайлардын баарын ноябрдан бери жабык. Кечки саат сегизден баштап өлкө аймагында коменданттык саат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG