АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы пандемиядан жабыркагандарга экономикалык жардам көргөзүү пакетин кабыл алды.
Дээрлик 2 триллион долларга бааланган планды президент Жо Байден сунуш кылган. Документти демократтар гана жактырышты, бир да республикачыл мыйзам чыгаруучу аны колдогон жок.
Бөлүнгөн каражат эмдөө, чакан бизнести колдоо, жумушсуздарга, балдарга жөлөк пул төлөөгө сарпталмакчы. Америкалык маалымат каражаттары санап чыгышкандай, жардамды тигил же бул көлөмдө үй-бүлөлөрдүн дээрлик 90 проценти алат.
Буга чейин президенттин сунушун сенат колдоп, айрым түзөтүүлөрдү киргизип, төмөнкү палатага экинчи кароого жөнөткөн. Байден документке 12-мартта кол коет деп күтүлүүдө.
Планды сындагандар сунуш кылынган бюджет өтө масштабдуу, каражаттын көбү коронавируска тиешеси жок маселелерди чечүүгө жумшалышы мүмкүн деп чочулашат.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 63 кишиден жаңы аныкталды. Инфекцияны жугузуп алгандар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп катталган.
- Бишкек - 26
- Ош - 3
- Чүй облусу – 20
- Ош облусу - 2
- Талас облусу - 0
- Нарын облусу - 4
- Ысык-Көл облусу – 7
- Жалал-Абад облусу – 1
- Баткен облусу - 0
Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. 13-мартта коронавирустан каза болгондор катталган жок.
Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1480 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 818 киши. Анын 83 809у айыгып чыкты.
Азыр 318 киши ооруканада. Анын 17си өтө оор, 78и оор абалда жатат. Үй шартында 272 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.
Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү минстри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкунунда илдет күчөсө, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин билдирди. Министр бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Министрдин айтымында, учурда абал туруктуу, бирок илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда массалык иш-чараларга тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр болот.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды.
COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 16-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 73 кишиден жаңы аныкталды.
- Бишкек - 23
- Ош - 2
- Чүй облусу – 40
- Ош облусу - 2
- Талас облусу - 0
- Нарын облусу - 1
- Ысык-Көл облусу – 3
- Жалал-Абад облусу – 0
- Баткен облусу - 2
Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишиден табылганы расмий кабарланып жаткан.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1484 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 990 киши болду. Анын 83 924ү айыгып чыкты. Азыр 337 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 87 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 307 адам үй шартында дарыланууда. (
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония, 11 адамдан коронавирус аныкталды.
Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Бишкектин жана Чүй облусундагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыкканда белгилүү болгон.
Аталган борбор билдиргендей, адистер камералардын толуп калганына, кармалган айрым адамдар полдо жаткан учурларга күбө болушкан. Мекеме убактылуу кармоочу жайда отургандардын жугуштуу ооруларды, коронавирус жугузуп алуу коркунучу жогору экенин эскертти.
"Бардык убактылуу кармоочу жайларында медицина кызматкеринин штаты жок. Шаардык милициядагы жалгыз фельдшер өзү да пневмония жугузуп алган. Пандемияда компенсация алган эмес", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле жабык жайларда кармалгандарга катаал мамиле жасалары, аларга таза суу тургай жуунганга суу да берилбей турганы, айрымдар кыйноого кабылып жатканы белгиленген.
Чүй облусунун Жайыл райондук милициясында кармалгандарга бир күндө бир эле маал тамак берилип жатканын сындаган.
Кыйноонун алдын алуу борбору 16-мартта «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму менен биргеликте убактылуу кармоочу жайлардагы абалды талкуулады. Ага ИИМ, Акыйкатчы институту, ЖАМК, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү, Юстиция министрликтеринин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.
ИИМ Кыйноонун алдын алуу боюнча борбордун маалыматына комментарий бере элек.
Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлардагы шарт өтө начар экени көптөн бери айтылып келет.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 4095 кишинин коронавируска карата ПЧР анализи изилденди.
Оору Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды.
COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 17-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 55 кишиден жаңы аныкталды.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 045 киши болду. Анын 83 980и айыгып чыкты.
Азыр 333киши ооруканаларда жатат. Анын 18инин абалы өтө оор, 77 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 236 бейтаптын абалы орто оордукта. 307 адам үй шартында дарыланууда.