Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.
Бул аралыкта оору 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жугуп, 104ү каза болду.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде маалымдады.
Оору жуктурган жана андан каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүү боюнча министрликке 2800дөй арыз түшкөн. Ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалган.
Каратаев кенемте төлөөнүн тартиби 2021-жылдын 11-январынан тарта өзгөргөнүн, мындан ары вирус жугузуп алган дарыгерлерди изилдеп, чечим чыгаруу милдети ооруканадагы жетекчиликке берилгенин айтты. Маалыматка караганда вирус жугузуп алгандар үчүн кенемте 75 миң сомду түзөт.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар эки айга жетет.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде билдирди.
"Жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. Эгер абал курчуп кетсе биз 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус болгондорду дарылоо үчүн даярданып жатабыз".
Бүгүн - 18-мартта Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.
Жалпысынан оору жугузуп алгандардын расмий эсеби - 87 143 адам. Анын 84 031и айыгып чыкты.
Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасына 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавирус менен ооруп түшкөн.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.
Танзаниянын президенти Жон Магуфули 61 жашында каза болду.
Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти мамлекеттик телеканалдан жарыялады. Магуфули март айынан башынан бери эл алдына чыкпай калган. Учурда оппозициянын өкүлдөрү президент коронавирус жуктуруп алып, коңшу Кенияда дарыланып жатканы тууралуу маалымат тараткан.
Танзаниянын өкмөтүнүн өкүлдөрү "анын саламаттыгы жайында, элге чыкпай иштеп жатат" деп айтып келген.
Жон Магуфули коронавируска байланыштуу өлкөсүндө карантин киргизбей, беткап тагынуудан баш тарткан.
Ал COVID-19га каршы эмдөөнү келекелеп, дубаларга гана ишенүү керектигин айтып келген. Президент мындай позициясын “чет элдик илимге” ишенбей турганы менен түшүндүргөн. Танзанияда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий статистикасы жүргүзүлгөн эмес.
"The Financial Times" басылмасынын жазышынча, президенттин ооруп жатканы боюнча маалымат тараткан төрт адам камакка алынды. Оппозиция Магуфули өткөн аптада эле каза болушу мүмкүн деп шек саноодо. Өкмөт болсо президент жүрөк оорусунан улам дүйнө салды деген маалымат таратты.
Танзаниядагы соңку маалда коронавирустун мутацияланган түрү жайылып жатканы кабарланган. Өлкөнүн автономдук аймагы саналган Занзибар пандемия маалында туристтерди кабыл алган. Февралдын башында бул аймактын жетекчилеринин бири коронавирустан улам каза болгон.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы эки бейтаптын өмүрүн алды.
COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 19-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 96 кишиден жаңы аныкталды.
Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.
Азыр 400 киши ооруканаларда жатат. Анын 20сынын абалы өтө оор, 108 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 272 бейтаптын абалы орто оордукта. 324 адам үй шартында дарыланууда.